Легендарлуу министрди жандаган таланттар. Залкарлардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Кыргыз Республикасынын Баатыры Күлүйпа Кондучалова, КРдин эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаров жана белгилүү актриса Гүлсара Ажыбекованын сүрөтү 2002-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Ал жылы Базаров 60 жылдыгын белгилеп, мааракеге жакын санаалаштарын, маданият өкүлдөрүн чакырган. Сүрөттөгү Кыргыз ССРинин мурдагы маданият министри Кондучалова ал мезгилде 82 жашта, Ажыбекова 52 жашта эле.

Ошол кезеңди кинорежиссер өзү мындайча эскерет:

"Күлүйпа эже иш-чарага сыйлуу конок катары келген. Ал залкар инсан бардык маданият кызматкерлерин таанып, көпчүлүк чыгармачыл инсандар менен жакын мамиледе болчу. Союз маалында министр болуп турган учурунда көптөгөн жаштарды колдоп, жардамын аябай жол көрсөткөн. Алардын катарында мен дагы бармын. Сүрөт менин 60 жылдыгымда тартылган экен. Ал мааракеге кыргыз маданиятынын каймактары чогулган. Композиторлор Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Асанкан Жумакматов, жазуучулардан Бексултан Жакиев, Мар Байжиев келип, Чыңгыз Айтматов чет өлкөдө болгондуктан келе албай калган. Мени биздин киночулардын баары куттуктап келишкен. Негизи ал менин жеке майрамым эмес, чыгармачыл инсандардын, маданияттын чоң мааракесине айланып кеткен", — деди Базаров.

Таланттуу режиссёр Төлөмүш Океев менен белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин сүрөтү 1980-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жапжаш кездери экен! Мамакеев жана Океевдин "Алтын күздөгү" таберик сүрөтү
Күлүйпа Кондучалованы Исхак Раззаков 1958-жылы Москвадагы Кыргыз искусствосунун декадасынын өтөрүнө үч жума калганда министр кылып дайындап, ага чоң жоопкерчилик жүктөгөн. Мамлекеттик ишмер ал кызматты 22 жыл аркалап, тарыхта легендарлуу министр аталган. Ал республика аймагындагы театр, филармония, музей, студияларда иштеген кызматкерлерди чет өлкөгө окууга жиберип, айрым учурда аларга Москвадан атайын мугалимдерди чыкыртып кесипкөйлүгүн жогорулаткан. Андан сырткары, Кондучалова министрликти жетектеген жылдары борбор калаада искусство институту, музыкалык-хореографиялык окуу жайы, облустарда 97 музыкалык жана маданий-агартуу окуу жайлары, балдар музыкалык мектептери, 2,5 миң китепкана пайдаланууга берилген.

Ал эми актриса Гүлсара Ажыбекова маданиятка өмүрүн арнаган Кондучалованын сүрдүү, эпикалык күчү бар аял болгонун айтат.

"Союз маалында искусство өкүлдөрү жыргап иштеп, учуп жүргөн экенбиз. Азыр ойлосом, ошол учурда бизге дүнүйөнүн, оокаттын кереги жок болчу. Ал убакта жалпы СССРдин ичинде кыргыз маданияты башкалардан өзгөчөлөнүп турар эле, өз орду бар болчу. Так ошол учурларда Күлүйпа Кондучалова ата мекендик маданиятты жетектеп башыбызда турган. Ал Москвадагы эң мыкты чыгармачыл топторду Кыргызстанга алып келип, узак жылдар кыргыз искусствосун бийик планкада кармап турду. Күлүйпа эже сүрдүү, эпикалык күчү бар аял болчу. Куулук-шумдугу жок, айтканы айткан, дегени деген, шар жүрчү. Ал кишинин биздин маданияттагы орду, жасап кеткен эмгеги, салымы эсибизден кетпейт", — деди Ажыбекова

Күлүйпа Кондучалова пенсияга чыккандан кийин да маданияттан алыстай албай, өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомун жетектеп, 2013-жылы 7-сентябрда 93 жашында дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0