https://sputnik.kg/20260430/1101066904.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл өлкөдө Акыркы коңгуроо 29-майда кагылат. Агартуу министрлиги бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эске салды. Ошондой эле... 30.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-30T13:00+0600
2026-04-30T13:00+0600
2026-04-30T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/1e/1101066738_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_76310e35f05282da3c21d94d902460f6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл өлкөдө Акыркы коңгуроо 29-майда кагылат. Агартуу министрлиги бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эске салды. Ошондой эле мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга уруксат берилбейт. Адатта Акыркы коңгуроо 25-майда белгиленет, бирок бул жолу жазгы каникулдар узартылгандыктан жылды.
Кыргызстанда анализдерди туура эмес чыгарып берген лабораторияларды жабуу сунушталды. Демилге депутат Азамжан Жалиловго таандык. Эл өкүлү Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат. Мыйзам долбооруна ылайык: медициналык стандарттардын бузулушунан улам анализдерди туура эмес чыгарып бергени үчүн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып салуу; диагнозу коюлган лабораториялык изилдөөлөрдүн ката жыйынтыгын жашырган жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу. Долбоордо эгер бул аракеттер жыл ичинде кайталанса, айып пул 50/200 миң сомго чейин көтөрүлүп, лицензия сот аркылуу жокко чыгарылары айтылган.
Борбор калаада 16-майда 500дөн ашык адамдын тынч митингге чыгышы пландалып жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев айты. Акциянын төркүнү — баңгизат боюнча соттолгон жаштардын жазасы. Максим Горький сейил багындагы акцияга балдары жалаага кабылып айыпталды делген ата-энелер катышары айтылды. Сөз Кылмыш-жаза кодексинин 154, 155, 157 жана 158-беренелери тууралуу болуп жатат. "Соттолгондордун арасында күнөөлүүлөр бар, бирок ата-энелер айрым жаштар негизсиз айыпталып калганын айтышууда. Алардын бири беш жылга эркинен ажыратылган, дагы бири учурда СИЗОдо кармалып жатат", — деди эл өкүлү. Жороевдин айтымында, 10 миң доллардан 2 миллион сомго чейин сураган учурлар кездешип жатканын кошумчалады. Эл өкүлү санаган беренелер оор жана өтө оор категориядагылар.
Бишкек шаарындагы "Жаштык арена" аянтчасында Bishkek International Tourism Fair (BITF 2026) аттуу эл аралык туризм жана меймандостук көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов катышууда. Көргөзмөнүн ачылыш аземинде Касымалиев сөз сүйлөп, туризм тармагын өнүктүрүүнүн маанисине токтолду. Ал Кыргызстанда туризмди илгерилетүү, инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы иштерге өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. BITF 2026 көргөзмөсүнө 130дан ашуун жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялар катышууда. Экспозицияда Кыргызстандын жети облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, Индия, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстандын улуттук стенддери сунушталган. Иш-чара 2-майда аяктайт. Иш-чаранын алкагында туристтик маршруттар, мейманкана сектору, транспорттук чечимдер жана санариптик сервистер боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөр тааныштырылууда. Көргөзмө туризм тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө багытталган.
Быйыл өлкөдө Акыркы коңгуроо 29-майда кагылат. Агартуу министрлиги бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эске салды. Ошондой эле мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга уруксат берилбейт. Адатта Акыркы коңгуроо 25-майда белгиленет, бирок бул жолу жазгы каникулдар узартылгандыктан жылды. Кыргызстанда анализдерди туура эмес чыгарып берген лабораторияларды жабуу сунушталды. Демилге депутат Азамжан Жалиловго таандык. Эл өкүлү Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат. Мыйзам долбооруна ылайык: медициналык стандарттардын бузулушунан улам анализдерди туура эмес чыгарып бергени үчүн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып салуу; диагнозу коюлган лабораториялык изилдөөлөрдүн ката жыйынтыгын жашырган жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу. Долбоордо эгер бул аракеттер жыл ичинде кайталанса, айып пул 50/200 миң сомго чейин көтөрүлүп, лицензия сот аркылуу жокко чыгарылары айтылган.Борбор калаада 16-майда 500дөн ашык адамдын тынч митингге чыгышы пландалып жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев айты. Акциянын төркүнү — баңгизат боюнча соттолгон жаштардын жазасы. Максим Горький сейил багындагы акцияга балдары жалаага кабылып айыпталды делген ата-энелер катышары айтылды. Сөз Кылмыш-жаза кодексинин 154, 155, 157 жана 158-беренелери тууралуу болуп жатат. "Соттолгондордун арасында күнөөлүүлөр бар, бирок ата-энелер айрым жаштар негизсиз айыпталып калганын айтышууда. Алардын бири беш жылга эркинен ажыратылган, дагы бири учурда СИЗОдо кармалып жатат", — деди эл өкүлү. Жороевдин айтымында, 10 миң доллардан 2 миллион сомго чейин сураган учурлар кездешип жатканын кошумчалады. Эл өкүлү санаган беренелер оор жана өтө оор категориядагылар. Бишкек шаарындагы "Жаштык арена" аянтчасында Bishkek International Tourism Fair (BITF 2026) аттуу эл аралык туризм жана меймандостук көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов катышууда. Көргөзмөнүн ачылыш аземинде Касымалиев сөз сүйлөп, туризм тармагын өнүктүрүүнүн маанисине токтолду. Ал Кыргызстанда туризмди илгерилетүү, инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы иштерге өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. BITF 2026 көргөзмөсүнө 130дан ашуун жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялар катышууда. Экспозицияда Кыргызстандын жети облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, Индия, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстандын улуттук стенддери сунушталган. Иш-чара 2-майда аяктайт. Иш-чаранын алкагында туристтик маршруттар, мейманкана сектору, транспорттук чечимдер жана санариптик сервистер боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөр тааныштырылууда. Көргөзмө туризм тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө багытталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/1e/1101066738_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2cdee6b375bbb8e413ef747e1c55358b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио