https://sputnik.kg/20260430/1101078956.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүнкү күндө ички авиакаттамдарда эң актуалдуу жана жеткиликтүү тарифтерди мамлекеттик авиакомпания Asman Airlines сунуштайт. 2026-жылдын 1-майынан тартып... 30.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-30T18:59+0600
2026-04-30T18:59+0600
2026-04-30T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/1e/1101078790_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c5f426bf5e24b45afd9ab380d280ab10.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүнкү күндө ички авиакаттамдарда эң актуалдуу жана жеткиликтүү тарифтерди мамлекеттик авиакомпания Asman Airlines сунуштайт. 2026-жылдын 1-майынан тартып Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас ички авиамаршруттарынын авиабилеттерине макулдашылган баа системасы киргизилүүдө. Бул чечим “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU сыяктуу ата мекендик авиакомпаниялар менен өткөргөн жумушчу жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынды. Диалогдун жүрүшүндө тараптар өз ара келишип, баа түзүү боюнча бирдиктүү ыкманы макулдашышты. Бекитилген параметрлерге ылайык Бишкек-Ош маршруту боюнча авиабилеттердин баасы эрте брондоодо 3 800 сомдон башталып, ошол эле учурда учуу алдындагы акыркы күндөрдө максималдуу баа 5 900 сомдон ашпайт. Бишкек-Манас маршруту боюнча баштапкы баасы 3 500 сомду, ал эми максималдуу баасы – 5 500 сомду түзөт. Авиакомпаниялар өз тарабынан белгиленген чектик баалардан ашырууга жол берилбестигин ырасташты. Мамлекеттик авиаташуучу “Asman Airlines” мындан да жеткиликтүү баа саясатын кармана тургандыгын өзүнчө белгилеп кетүү керек, алсак Бишкек-Ош багыты боюнча максималдуу баа 5 500 сомду, ал эми Бишкек-Манас багыты боюнча 4 100 сомду түзөт.
Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан "Ала-Тоо Резорт" курорттук аймагын ишке ашыруунун алкагында жер участокторунун аукционунун үчүнчү, жыйынтыктоочу этабы башталды. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Аукционго "Жыргалаң" курортунун аймагында туристтик жана инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн арналган 19 лот коюлду. Бул участоктордо ар түрдүү категориядагы мейманканалар, апартаменттер жана ресторандар куруу каралган. Аукционго катышуу шарттары тууралуу толук маалымат "Ала-Тоо Резорт" ААКтын расмий сайтында жана ачык маалымат булактарында жеткиликтүү. Аукцион онлайн форматта Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин электрондук соода аянтчасында өткөрүлөт. Катышууга жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор, курулуш компанияларынын өкүлдөрү, туризм жана мейманкана бизнесиндеги ишкерлер, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар чакырылат.
АКШ президенти Дональд Трамп Ормузду "Трамп кысыгы" деп өзгөртүп атап алды. Бул туурасында ал Truth Social тармагына сүрөт коюп, маалымдады. Мындан сырткары, The Wall Street Journal басылмасы Ак үйдүн администрациясы аталган кысыктан кемелердин каттамын жандандыруу үчүн жаңы альянс түзүүнү сунуш кылганын жазды. Ал Maritime Freedom Construct деп аталат. WSJ басылмасынын жазганына караганда, бул демилге шейшемби күнү АКШнын элчиликтерине жөнөтүлгөн Мамлекеттик департаменттин ички документтеринде кеңири айтылган. Анда америкалык дипломаттарга башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүн бул альянска кошулууга көндүрүү тапшырмасы тагылган.
Бүгүнкү күндө ички авиакаттамдарда эң актуалдуу жана жеткиликтүү тарифтерди мамлекеттик авиакомпания Asman Airlines сунуштайт. 2026-жылдын 1-майынан тартып Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас ички авиамаршруттарынын авиабилеттерине макулдашылган баа системасы киргизилүүдө. Бул чечим “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU сыяктуу ата мекендик авиакомпаниялар менен өткөргөн жумушчу жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынды. Диалогдун жүрүшүндө тараптар өз ара келишип, баа түзүү боюнча бирдиктүү ыкманы макулдашышты. Бекитилген параметрлерге ылайык Бишкек-Ош маршруту боюнча авиабилеттердин баасы эрте брондоодо 3 800 сомдон башталып, ошол эле учурда учуу алдындагы акыркы күндөрдө максималдуу баа 5 900 сомдон ашпайт. Бишкек-Манас маршруту боюнча баштапкы баасы 3 500 сомду, ал эми максималдуу баасы – 5 500 сомду түзөт. Авиакомпаниялар өз тарабынан белгиленген чектик баалардан ашырууга жол берилбестигин ырасташты. Мамлекеттик авиаташуучу “Asman Airlines” мындан да жеткиликтүү баа саясатын кармана тургандыгын өзүнчө белгилеп кетүү керек, алсак Бишкек-Ош багыты боюнча максималдуу баа 5 500 сомду, ал эми Бишкек-Манас багыты боюнча 4 100 сомду түзөт.Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан "Ала-Тоо Резорт" курорттук аймагын ишке ашыруунун алкагында жер участокторунун аукционунун үчүнчү, жыйынтыктоочу этабы башталды. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Аукционго "Жыргалаң" курортунун аймагында туристтик жана инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн арналган 19 лот коюлду. Бул участоктордо ар түрдүү категориядагы мейманканалар, апартаменттер жана ресторандар куруу каралган. Аукционго катышуу шарттары тууралуу толук маалымат "Ала-Тоо Резорт" ААКтын расмий сайтында жана ачык маалымат булактарында жеткиликтүү. Аукцион онлайн форматта Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин электрондук соода аянтчасында өткөрүлөт. Катышууга жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор, курулуш компанияларынын өкүлдөрү, туризм жана мейманкана бизнесиндеги ишкерлер, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар чакырылат. АКШ президенти Дональд Трамп Ормузду "Трамп кысыгы" деп өзгөртүп атап алды. Бул туурасында ал Truth Social тармагына сүрөт коюп, маалымдады. Мындан сырткары, The Wall Street Journal басылмасы Ак үйдүн администрациясы аталган кысыктан кемелердин каттамын жандандыруу үчүн жаңы альянс түзүүнү сунуш кылганын жазды. Ал Maritime Freedom Construct деп аталат. WSJ басылмасынын жазганына караганда, бул демилге шейшемби күнү АКШнын элчиликтерине жөнөтүлгөн Мамлекеттик департаменттин ички документтеринде кеңири айтылган. Анда америкалык дипломаттарга башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүн бул альянска кошулууга көндүрүү тапшырмасы тагылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/1e/1101078790_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_78000984691c86d398bbfde96610d411.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио