Sputnik Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн Олимпиададагы ийгилиги тууралуу инфографиканы сунуштайт.
Россия медалдардын саны боюнча дүйнөдө 5-орунду алып, КМШда биринчи сапты ээледи. Баса, доппинг чуусунан улам мамлекетинин атын колдоно албай, Россиянын олимпиада комитети (РОК) деген аталыш менен чыкты.
Бул ирет коңшу Өзбекстандын спортчуларынын ташы өйдө кулап, мекенине үч алтын, эки коло медаль менен кайтып келишти. Дүйнөлүк рейтингде 35-сапка көтөрүлүп, КМШда экинчи орунду алды. Ал эми Казакстандын атлеттери өлкө тарыхында эң начар жыйынтык көрсөттү. Алар болгону сегиз коло байге уткан. Буга чейин куржунун жок дегенде бир, болбосо үч-төрт алтын, күмүш менен толтурчу.
Кыргызстандын олимпиадачылары эгемен тарыхында биринчи болуп үч медаль тагынып келди. Муну жакшы көрсөткүч деп атоого болот.
Күмүшкө Кыргызстандан сырткары Азербайжан (3), Армения (2) жана Түркмөнстан (1) жеткен.
Ал эми Молдова бир коло медаль менен чектелсе, Тажикстан алдыңкы орундарга жетишкен жок.
Токио Олимпиадасына дүйнөнүн 205 өлкөсүнөн 12 миңден ашуун спортчу катышты. Анын ичинен 86 мамлекет гана медаль менен кайтты.