Айсулуу жарым финалда кармаша турган Ирина Коляденконун таржымалы

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWУкраинский борец Ирина Коляденко (в синем)
Украинский борец Ирина Коляденко (в синем) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Тыныбекованын жарым финалдагы атаандашы Ирина Коляденко 2021-жылдагы Европа чемпиону. Дүйнө жана Европа мелдештеринин байге ээси.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешиндеги жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен кез келет.

Айсулуунун атаандашы Ирина Коляденко 23 жашта. Учурдагы Европа чемпиону. Мындан сырткары, ал 2019-жылдагы дүйнө биринчилигинде жана 2020-жылдагы Европа чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген.

62 килограмм салмакта ат салышкан украиналык спортчу Олимпиада-2020 мелдешинде Нигерия (баштапкы этап) жана Кытай (чейрек финал) өлкөлөрүнүн спортчуларын уткан. 

 Монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Мээрим Жуманазаровадан бүгүн коло медалды ким талашат. Атаандашы 9 жаш улуу
Айсулуу Тыныбекова учурда 29 жашта. 2019-жылы өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. 2020-жылдагы дүйнө кубогу мелдешинде да алтын медаль тагынган. Рио-2016 Олимпиадасына катышып, бешинчи орунга жеткен. Кыргызстандык балбан кыз Азиянын төрт жолку  чемпиону.

Азыркы тапта Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун рейтингинде 62 килограмм салмактагы балбан кыздардын арасында биринчи орунда турат.

Айсулуу чейрек финалда румыниялык, баштапкы этапта латвиялык спортчуларды жеңди.

Жарым финалык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0