Лимит түгөндү: АКШ Каржы министрлиги дефолт коркунучу тууралуу жар салды

© AFP / CHIP SOMODEVILLAАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Америкалык мамлекеттик карыз, пандемия маалында ашыра арттырылган экономиканын өлчөмү болушунча өсүп, өкмөттө дефолт тууралуу айтыла баштады.

Наталья Дембинская

Кооптуу деңгээлге жеткирбеш үчүн Конгресс тезинен чара көрүшү кажет. Карыз алуунун чегин жогорулатуу абзел, антпесе күзүндө өзүнө алган каржылык милдеттенмелерди тейлөөдө көйгөйгө тушугат.

Кредиторлор АКШ эсептерин төлөй аларынан шек санай башташса эмне болору туурасында Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Олчойгон карыз

Америкалыктар 2008-жылдагы каатчылыктан тарта сырттан карыз алууну активдүү түрдө күчөтүп келет. Обаманын убагында карыз тогуз триллионго, Трамптын тушунда дагы жети триллионго өскөн. 2018-жылы ички дүң өндүрүмдүн 78 пайызын түзүп калган. Дүйнөлүк банк андай көрсөткүч кооптуу экенин белгилеген.

Талибан согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Талибдер чабуул коюп, АКШ калааларды бомбалоодо. 100 миң качкын – бул башталышы гана
Божомолдорго ылайык, мамлекеттик карыз АКШ экономикасынын өлчөмүнөн он жылдан кийин гана ашууга тийиш эле. Бирок пандемиянын жана улуттук чарбаны колдоого эбегейсиз чыгымдардын айынан андай абалга алда канча эрте кептелип отурат.

Көз карандысыз эсептер боюнча, 2020-жылы бийлик экономикага дээрлик тогуз триллион доллар салган. Натыйжада карыз эми ИДӨ көлөмүнөн көп. Март айынын аягына карата — 28 триллион доллар же ИДӨнүн 101 пайызын түзгөн.

Кошмо Штаттардын тарыхында мындай көрүнүш дароо Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин катталган. 1946-жылы бул көрсөткүч Америкада 106 пайызга жеткен. Карыздын өсүшү токтой элек, ушул тапта — 28,5 триллион. Мыйзам боюнча, эми карыз алууга болбойт.

Чегине жеткен деңгээл

АКШнын мамлекеттик карызы алгач ирет көк тиреп турган жери жок. 2008-жылдагы каатчылыктан бери бул көрсөткүч жогорулагандан жогорулап келет.

2019-жылы Трамп 2021-жылдын 31-июлуна дейре мамлекеттик карызды чектөөсүз көбөйтүүгө мүмкүндүк берген мыйзамга кол койгон. Ошол мөөнөттөн кийин андайга жол берилбейт. Демек, Каржы министрлиги облигацияларды сатуунун эсебинен кошумча каражаттарды тарта албайт.

Кытайдагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
АКШда 2034-жылдагы дүйнөлүк согуш апаатын сүрөттөгөн чыгарма жарыкка чыкты
Бирок Вашингтондун ансыз башка аргасы жок. Экономиканы колдоого чексиз "пандемиялык" чыгымдар бюджетте рекорддук таңсыктык жаратты. Ал негизинен мамлекеттик облигацияларды сатуу менен жабылат.

2020-каржылык жылы (30-сентябрда аяктаган) таңсыктык үч эсеге — 3,1 триллион долларга жогорулаган. Коронавируска каршы күрөшүү чараларынын баарын эсепке алганда төрт триллионго чыгат.

Чукул чаралар

Ошентип бул жагдайда Вашингтондун эки: 31-июлга дейре мамлекеттик карыздын чегин жогорулатуу же карыз алуу лимитин токтотуу жолу гана бар. Антпесе АКШ каржы министри Жанет Йеллен Конгресске жазган катында айткандай, өлкө дефолтко кептелип, экономикага "соо калтырбас сокку" урулат.

Каржы министрлигине "кошумча чараларды" көрүүгө туура келет. Бирок Йеллен казыначылыктын мамлекеттик чукул каржылоону пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелгенин баса белгилейт.

"Көптөгөн факторлордон, анын ичинде бир нече айга карата төлөм жана өкмөткө түшкөн каражаттарды божомолдоо көйгөйлөрүнөн улам мында белгисиздиктер бир топ", — деп тактайт министр. Бирок эгер чек көтөрүлбөсө, жаңы каржылык жылына, 1-октябрга чейин, карыздарды тейлөө жөндөмү начарлайт. Атап айтканда, ошол эле күнү АКШ казыначылыгы чыгымдарды 150 миллиард долларга кыскартууга тийиш.

Рабочие перемещают флаг США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Орустардын жашыруун куралы Европанын чок ортосунан АКШга сокку урду
Иш жүзүндө каржы министри мамлекеттик карыздын рекорддук өсүшүн көздөөдө. Бирок Конгрессте буга баары макул эмес. Демократтар чекти көтөрүүнү жактаса, республикачылар президент Байден жана өкмөттөн чыгымдарды кыскартып, олчойгон карызды азайтуунун аргасын издөөнү талап кылууда.

Жакшы жышаан байкалбайт

Болду-болбоду, карыз алуунун чеги дагы бир ирет көбөйтүлөт. АКШнын дефолт сценарийин экономисттер "акыр замандай" кабылдап жатышат. "Америкалыктар мындайга эч качан жол берген эмес. Бул кооптуу прецедент болмок", — дейт JPMorgan каржылык холдингинин АКШ боюнча башкы экономисти Майкл Фероли. Дефолттун мүмкүндүгү эле рыноктордо дүрбөлөңгө салып кое алат. Эгер эч кандай чара көрүлбөсө, АКШ Казыначылыгы 30-июлда эле карыздарды тейлөө үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарды да, бийликтин жергиликтүү органдарынын кагаздарын да сата албай калат.

2011-жылы өкүлдөр палатасынын карыз алуу чегин жогорулатуудан баш тартышы жана дефолт коркунучунан улам Standard & Poor"s эл аралык рейтинг агенттиги тарыхта алгач жолу АКШнын суверендүү насыялык рейтингин төмөндөтүп салган. Анын артынан фондулук рынок кыйрап кала жаздаган, S&P 500 индекси мыйзам чыгаруучулар келишим түзүшкөнчө беш күн катары менен ылдыйлап отурган.

Нью-Йоркская фондовая биржа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Кайтпас чекке жетти: талдоочулар АКШ экономикасынан кооптонууда
CNBC белгилегендей, бул ирет мамлекеттин карызды кайтаруу жөндөмүнөн шектенген кредиторлор Вашингтондон жогорку пайыздарды талап кылышы ыктымал. Андайда бардык тармакта – ипотека жана автонасыялардан тарта корпоративдик карыздарга дейре пайыздык үстөктөр көтөрүлө баштайт. Муну менен турукташып кетери арсар. "Каржылык каатчылыктын арааны жүрөт. Ансыз да пандемиянын айынан али калыптана элек жумуш орундарын жана америкалыктардын топтогон тыйын-тыпырын да коркунуч тооруйт", — дейт Жанетт Йеллен. Кредиторлордун АКШ өкмөтүнүн төлөө жөндөмүнөн шек саноосу күч алат.

Ал эми америкалык белдүү финансисттердин бири, дүйнөдөгү эң ири Bridgewater Associates хедж-фондунун түптөөчүсү, миллиардер Рэй Далио белгилегендей, үч кат – бюджетти, соода балансынын жана азыркы операциялар эсебинин таңсыктыгы жакында казыначылыктын облигацияларынан чет өлкөлүк инвесторлорду биротоло качырат. Бул алардын кирешелүүлүгүн укмуштай арттырып, доллардын кунун кескин түшүрөт.

Бул түз эле каржылык каатчылыгына кептеп, масштабы жагынан 2008-жылдагы гана эмес, 1930-жылдардагы Улуу депрессиядан ашып түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0