00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкек: каржылык пирамида түзгөн шектүүлөр кармалды. Акчанын суммасы асман чапчыйт

© Sputnik / Табылды КадырбековПаспорт гражданина Кыргызстана и пачка денег. Архивное фото
Паспорт гражданина Кыргызстана и пачка денег. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Акыркы эки күндө Бишкектин бардык милиция бөлүмдөрү финансы пирамидасы тууралуу билдирүүлөрдү берип жатат. Мунун курмандыгы болуп 2,5 миллион сомунан ажырагандар да бар.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бүгүн, 24-июлда, Бишкек шаарындагы эки райондук милиция бөлүмдөрү финансылык пирамида түзгөн шектүүлөрдү колго түшүргөнүн кабарлады.

Свердлов райондук милиция башкармалыгынын маалыматы:

Милицияга Бишкектин жана Чүй облусунун тургундары кайрылышып, каржылык пирамида сыяктуу кыймылды түзгөн аялга карата чара көрүүнү өтүнүшкөн. Ал аял жакырчылыкты жоюу максатында WhatsApp аркылуу "Асыл айымдар фонду" аталыштагы кыймылды түзгөн.

"Уюм жарандарды өзүнө тартып, көп сандагы мүчөлөрдү кыймылга кошкондорго ири көлөмдөгү киреше же баалуу товарларды убада кылган. Акчаны чогултуп алгандан кийин алар дайынсыз болуп кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Продление ареста обвиняемым по делу о теракте в метро Санкт-Петербурга - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Бишкекте каржылык пирамидадан 35 миң долларга алдап кеткен. Шектүүлөр кармалды
Учурда ал иш Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Бул иш боюнча 34 жаштагы Б.Ч. жана 46 жаштагы Б.М. аттуу аялдар кармалган. Алар Бишкек шаардык милициясынын кармоо жайына киргизилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Свердлов райондук милициясы жарандарды алдамчылардан жапа чеккендер жана алдамчылар тууралуу билгендер болсо (0552) 10-23-61, (0705) 27-09-03, (0702) 47-22-25, (0702) 66-00-06 же нөөмөт бөлүмүнө чалып айтып коюуну өтүнөт.

Октябрь райондук милиция башкармалыгынын маалыматы:

19-июлда милицияга Ж.Б. аттуу аял кайрылып, Д. У. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

"Анын айтымында, 10-апрелде ал киши Раззаков көчөсүндөгү офиске чакырган. Ал жерде "Финико" аттуу компаниянын кызматкери экенин айткан", — деп билдирет милиция.

Райондук милиция белгилегендей, ал киши аялга оңой жол менен акча табуунун жолун сунуштаган, эгер айтылгандар ишке ашпай калса, анда акчасын кайтарып берүүнү убада кылган.

Обращение доллара - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Финансы пирамидасынын принциби менен иштеген уюмдар кайсы аймакта экени айтылды
"13-апрелде "Финико" компаниясынын кызматкеримин деген киши аялдан биткоинге которушу керек болгон 1 миллион 85,4 миң сомун алган. Мындан сырткары, Д.У. буга чейин да ушундай эле ыкма менен башкалардын да акчасын алган. Жапа чеккен аял 2 миллион 388,7 миң сомун алдаткан. Убадасын аткарбастан ал жашаган жеринен башка жакка көчүп кеткен", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. 41 жаштагы шектүү кармалып, шаардык милициянын камагына алынган.

Д.У. аттуу жарандын башка кылмыштарга да тиешеси бар же жок экени боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Октябрь райондук милициясы жарандарды алдамчылардан жапа чеккендер жана алдамчылар тууралуу билгендер болсо (0703) 22-15-55, (0502) 14-43-14 же 102 нөөмөт бөлүмүнө чалып билдирип коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0