"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына турмушка чыгууну көздөп, бирок айрым бир себептер менен жолу болбой калган аял кат жазган.
Антип-минтип ар кимибиз өз түйшүгүбүз менен жүрүп арадан бир жыл өтүп кетти. Ошентип экөөбүз эки бакыр, бир тукур болуп турмуш курууну чечкенбиз. Мен кыз-күйөө, келин-уулга айтып койгом. Ал тургай күндү да болжошконубузду кантейин. Абысын-ажындарым да уккан. Тиги кишинин деле балдары макул болуп жаткан. Анан болжогон күн жакындаганда шаардан улуу баласы келип: "Карыганда үйлөнүп эмне кыласыз, уят эмеспи. Мына булар тамагыңызды дайындап, кийимдериңизди жууп берет", — деп бир жээн небересин келинчеги менен үйүнө киргизип берип кетиптир. Ал киши мага телефон чалып "Майраш, көрсө, өзүмдүн жашоомо кожоюн болбой калыптырмын. Мени балдарым билет экен, кечирип кой", – деп муңаят. Эми эмне дейм? Ошондон бери балдардын бетин карай албай калдым. Өзгөчө келин менен күйөө балдарга шерменде болдум. Уятымдан же жерге кире албай, же кадимкидей басып жүрө албай басынып, депрессияга түштүм. Бул абалдан кантип чыгам?..
Психолог Саадат Сыдыкова:
— Мындай маселеде бир беткей жооп берүү кыйын. Анткени дүйнөнү "жаман же жакшы" деп бөлгөндөй эле адамдар да өз кылган ишине бирөөнүн баа берүүсүн күтөт. Бул аял балдарынын алдында өзүн күнөөлүү сезип, уялып жатат. Ооба, ал киши үйлөнөм деп сөз берди, бирок аны аткара албай калды.
Мен психоаналитик катары болуп өткөн окуяга туура же туура эмес деп баа берүүдөн алысмын, болгону себебин аныктап, адамдын ошондон тыянак чыгарып жол таап кетүүсүнө жардам берем.
"Сексуалдык жашоодон аксап, андан улам турмушка чыгуу керек болду" деген бир аз ката болуп калышы мүмкүн. Анткени адамга ушундай ойлоо жана абалын ушинтип түшүндүрүү ыңгайлуу. Чындыгында маселе адамдын психологиялык жактан өзүн жалгыз сезип жаткандыгында болууда. Натыйжада жалгызсыраган эки адам кезигип, баш кошууга макулдашыптыр. Бирок ал кишинин баласы атасын кызганып, каршы чыгып койгон экен.
Негизинен адамдагы мындай жалгызсыроону балдары да, неберелери да толуктай албайт. Эми болор иш болуптур. Сиз азыр ички туюмуңузда балдардын бетин карай албай уялып жатасыз. Себеби балдарыңыз сизди "жашоодон рахат алуу үчүн турмушка чыгууну көздөдү деп ойлоп калды" деген ойдосуз. Чын-чынына келгенде сизди түшүнгөн, жалгыздыгыңызды бөлүшө алган адамды издегенсиз. Бул жерде сиздин эч кандай күнөөңүз жок.
Сиз жалгыздыкта өтүп жаткан кунарсыз жашооңузду башка боёктор менен өзгөртүүнү гана каалаган айымдын бирисиз деп айтар элем. Эгер мындан да тереңирээк жооп алгыңыз келсе, психологго кайрылууну сунуштайм.