https://sputnik.kg/20210719/manas-ajyly-kompleksi-1053263941.html
Сыдыков: "Манас айылы" маданий комплекси жараксыз абалда турат
Сыдыков: "Манас айылы" маданий комплекси жараксыз абалда турат
Sputnik Кыргызстан
"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин жетекчиси, манасчы Дөөлөт Сыдыков аталган комплекс 1995-жылы "Манас-1000" мааракесине утурлай салынганын... 19.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-19T16:20+0600
2021-07-19T16:20+0600
2021-12-21T12:13+0600
радио
коом
кыргызстан
маданият
дөөлөт сыдыков
"манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси
эстелик
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/10/1050453491_0:171:3072:1909_1920x0_80_0_0_5a08c56c09e3465ff7aa547cdf44fbb9.jpg
Сыдыков: "Манас айылы" маданий комплекси жараксыз абалда турат
Sputnik Кыргызстан
Сыдыков: "Манас айылы" маданий комплекси жараксыз абалда турат
"Манас айылы" учурунда сапатсыз курулуп, кыргыздын дүйнө таанымына туура келбей калган. Мындай пикирин Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, ушу тапта аталган комплекс жараксыз болуп калган.Ошондой эле ал комплексти жеке менчикке өткөрүп кетүүгө кызыгып жаткан тараптар бар экенин кошумчалады.Белгилей кетсек, буга чейин "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин кайра куруу боюнча архитекторлор арасында сынак жарыяланган. Ал КР президентинин иш башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлмөкчү.
"манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/10/1050453491_0:75:3072:2005_1920x0_80_0_0_0219a2985bf5012e6e5c996776083cb6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, маданият, дөөлөт сыдыков, "манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси, эстелик
коом, кыргызстан, маданият, дөөлөт сыдыков, "манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси, эстелик
Сыдыков: "Манас айылы" маданий комплекси жараксыз абалда турат
16:20 19.07.2021 (Жаңыртылды: 12:13 21.12.2021) "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин жетекчиси, манасчы Дөөлөт Сыдыков аталган комплекс 1995-жылы "Манас-1000" мааракесине утурлай салынганын белгиледи.
"Манас айылы" учурунда сапатсыз курулуп, кыргыздын дүйнө таанымына туура келбей калган. Мындай пикирин Дөөлөт Сыдыков
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушу тапта аталган комплекс жараксыз болуп калган.
"1995-жылы "Манас-1000" мааракесин утурлай "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси салынган. Ошондо курулушу сапатсыз болуп, кыргыз дүйнө таанымына, Манаска туура келбей калган. Мисалы, ошол эле эстеликтер үч бурчтук, төрт бурчтук болуп курулган. Дүйнөдө мындай эстеликтер, маданий комплекстер кылымдап турат. Ал эми аталган маданий-этнографиялык комплексти конокторго көрсөтүүдөн тартынып, зээниң кейийт. Ошол жерге кантип туристтерди чакырып, Манастын айылы деп көрсөтөбүз? Эми аны оңдоп-түзөгөнгө дагы болбойт. Кайрадан салууга муктаждык жаралууда. Мындан тышкары, учурунда бул борбор үчүн 12 гектар жер бөлүнгөн. Азыр анын 8,93 гектары эле комплекстин карамагында калган. Буга чейинки бийликтин учурунда ал жерлер "Ысык-Көл" мейманканасынын карамагына өтүп кеткен. Ошондой эле аталган комплекстин тогуз миллион сом карызы бар. Бул кайсы учурда кимге бериле турган карыз экени белгисиз. Ушу тапта аталган комплексти кайрадан чет элден келген туристтер суктана тургандай куруу пландалууда", — деди Сыдыков.
Ошондой эле ал комплексти жеке менчикке өткөрүп кетүүгө кызыгып жаткан тараптар бар экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин кайра куруу боюнча архитекторлор арасында сынак жарыяланган. Ал КР президентинин иш башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлмөкчү.