https://sputnik.kg/20210707/shaardyk-kenesh-shajloo-myjzam-buzuu-1053130646.html
Кайра эле админресурс. Депутаттар шаардык кеңешти шайлоо өнөктүгүнө тынчсызданды
Кайра эле админресурс. Депутаттар шаардык кеңешти шайлоо өнөктүгүнө тынчсызданды
Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү Марлен Маматалиев айрым партиялар мурункудай эле административдик ресурс колдонуп жатканын белгиледи. 07.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-07T11:44+0600
2021-07-07T11:44+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
бишкек шаардык кеңеши
шайлоо
мыйзам
бузуу
марлен маматалиев
самат исманов
бишкек, ош жана токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0b/1052086151_0:322:3067:2047_1920x0_80_0_0_e7f44d2cd81ae544dce7364b3b193340.jpg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары үч шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү кайрадан эле мыйзам бузуулар менен жүрүп жатканына тынчсызданды.Эл өкүлү Самат Исманов 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылышына негиз болгон мыйзам бузуулар кайрадан кайталанып жатканын билдирип президенттин жана министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлүнө кайрылды.Ал эми Марлен Маматалиев айрым партиялар мурункудай эле административдик ресурс колдонуп жатканын белгиледи."Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандан пайда жок болууда. Айрым партиялар административдик ресурс колдонуп, жарандарды каттоого коюп жатат, кайра эле квартал башчылары ишке киришти. Эми мынча саясий эрк, күч колдонулгандан кийин аягына чыгарып койсо жакшы болот эле. Укук коргоо органдары кол шилтеп калышты, ошого тапшырма берип коюңуздар", — деди Маматалиев.Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.
https://sputnik.kg/20210628/shaardyk-kenesh-shajloo-yrchy-akter-1053029339.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0b/1052086151_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_ad04d641adec81013cdc78064bb3ec70.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, бишкек шаардык кеңеши, шайлоо, мыйзам, бузуу, марлен маматалиев, самат исманов, бишкек, ош жана токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, бишкек шаардык кеңеши, шайлоо, мыйзам, бузуу, марлен маматалиев, самат исманов, бишкек, ош жана токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Кайра эле админресурс. Депутаттар шаардык кеңешти шайлоо өнөктүгүнө тынчсызданды
11:44 07.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Эл өкүлү Марлен Маматалиев айрым партиялар мурункудай эле административдик ресурс колдонуп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары үч шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү кайрадан эле мыйзам бузуулар менен жүрүп жатканына тынчсызданды.
Эл өкүлү Самат Исманов 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылышына негиз болгон мыйзам бузуулар кайрадан кайталанып жатканын билдирип президенттин жана министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлүнө кайрылды.
"Мына кайра шайлоого үч күн калды, бул шаарлардагы шайлоо жөн бүтпөйт сыңары. Кайрадан эле адамдарды каттоого тургузуу, ооруканага жаткыруу, ар бир участокто 50-100дөн бейтап бар экен. Туура эмес иштер кайра эле болуп жатат, эми жыйынтыгы кандай болот? Ошону карап койсоңуздар", — деди Исманов.
Ал эми Марлен Маматалиев айрым партиялар мурункудай эле административдик ресурс колдонуп жатканын белгиледи.
"Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандан пайда жок болууда. Айрым партиялар административдик ресурс колдонуп, жарандарды каттоого коюп жатат, кайра эле квартал башчылары ишке киришти. Эми мынча саясий эрк, күч колдонулгандан кийин аягына чыгарып койсо жакшы болот эле. Укук коргоо органдары кол шилтеп калышты, ошого тапшырма берип коюңуздар", — деди Маматалиев.
Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.