00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Армрестлинг — это серьёзно: как кыргызстанцы выступили на чемпионате Азии
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азиядагы суу тартыштыгы кантип чечилет — Афганстандагы Кош-Тепе каналынын курулушу кандай таасир берет?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Апостиль не выходя из дома: как Минюст Кыргызстана уходит в цифру
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл 53 миӊден ашуун абитуриент ЖРТга катышууда
11:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл сугат суу тартыштыгы болбойбу? — жаңы тариф жана үнөмдүү сугаруу ыкмалары
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөдө текстиль өндүрүшүнүн төмөндөшү байкалууда. Жеңил өнөр жайынын абалы
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Женщины, меняющие мир: итоги конкурса в Театре оперы и балета
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБ алкагында криптовалюта жана блокчейндерди жүгүртүүнүн келечеги кандай?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Высокотехнологичные операции и бесплатные стенты: что изменилось в Наццентре кардиологии
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыздардын орус империясына кошулушу. Тарыхчылар жаңы ачылыштарга ээ болушту
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө текстиль өндүрүшүнүн төмөндөшү байкалууда. Жеңил өнөр жайынын абалы
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

27 жаштагы Таттыбүбү... "Отко таазим" тасмасындагы таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын уулу Канат Эшимбековду жуунтуп кучактап отурган сүрөтү 1971-жылы Баткен облусунда тартылган.

Ал жылы кинорежиссёр Төлөмүш Океев жазуучу Насирдин Байтемировдун "Тарых эстелиги" романынын негизинде "Отко таазим" аттуу тасма тарткан. Сүрөттөгү актриса башкы каарман Уркуя Салиеванын ролун жараткан. Бул ролго Фрунзедеги театрлардан, башка советтик республикалардагы чыгармачыл жамааттарынан бери актрисалар келген. Бирок режиссёр көпчүлүгүн жактырбай, соңунда Таттыбүбү Турсунбаеваны тандаган.

Ошол учурду актрисанын уулу Канат Эшимбеков мындайча эскерет:

"Тасма тартылып жатканда мен үч жашта болчумун. Ошондуктан көп учур эсимде жок. Азыр ойлосом мени киночулар камерага тартып алып жатканын толук түшүнбөй эле күнүмдүк жашоодо жүргөндөй эле катышчу экенмин. Фильмде апам мени жуунткан эпизод бар. Ошонун алдында мен такыр чечинбей коюп, режиссёр менен оператор келип камераны көргөзгөндө гана дырдай жылаңач болгом. Мага алардын жабдуулары өтө кызык болчу. Андан сырткары, керектүү кадрларды тартуу зарыл болгондо апамды жандап жүрчүмүн. Мени ал кезде тарбиячым бакчу, балдар менен ойночубуз. Апам көп убактысын тасма тартуу аянтчасында өткөргөндүктөн ошол жактан аны издеп жөнөчүмүн. Үй өрттөнгөн эпизоддо Сабира Күмүшалиева апа мени артына көтөрүп алганын, ээн талаада үчөөбүздүн жетелешип жөө кетип бараткан учурларды жакшы билем. Себеби кулагым ооруп жүргөндүктөн киночулардын бир нече дубль тартканы мени кыйнап жиберчү. Асел эжем Чаекте таякелеримдикинде болчу", — деди Эшимбеков.

Ал ошондой эле актриса сахнада роль аткарганда да театр толуп, спектакль жогорку деңгээлде өтүп, дайыма көрүүчүлөр суктанып кеткендиктерин кошумчалады.

Тоодогу чабандарга концерт коюп барган Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артисттеринин сүрөтү 1971-жылдын декабрь айында тартылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Бала-чакасы менен айлап гастролдогон актёрлор. Нарында тартылган таберик сүрөт
Аталган фильмде Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Алиман Жангорозова, Искендер Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Жапар Садыков, Асанбек Кыдырназаров, Алымкул Алымбаев, Тургун Бердалиев, Чоро Думанаев, Насрет Дубашев, Чолпон Даанышманова, Аскар Сейдалиев, Деңизбек Чалапинов, Алмаз Кыргызбаев, Текен Чалапинов, Николай Толстых роль жараткан.

"Отко таазим" 1972-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Төлөмүш Океев Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Аталган кинокартинадагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0