Чүйдө 34 жаштагы киши 73 жаштагы энесин өлтүрүүгө шектелип жатат

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Чакыруу түшкөн жерге барган ыкчам-тергөө тобу уктоочу бөлмөдө аял кишинин кыйнап өлтүрүлгөн сөөгүн табышкан. Шектүү камакка алынды.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Чүйдүн Пригородное айылынын 34 жаштагы жашоочусу 73төгү энесин өлтүрдү деп шектелип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 30-июнда Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө киши өлтүрүү фактысы боюнча билдирүү түшкөн.
"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу уктоочу бөлмөдө аял кишинин кыйнап өлтүрүлгөн сөөгүн табышкан. Каза тапкан 73 жаштагы М.А. аттуу аял экени белгилүү болгон", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Преступления в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Ысык-Атада сарайдан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө бир тууган эжеси шектелүүдө
Натыйжада аялды өлтүрүүгө шектелип анын 34 жаштагы уулу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Мындан тышкары, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери батирден диний багыттагы беш китеп менен кол жазмасы бар калемди табышкан. Буларга дагы экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Окуя териштирилип, сотко чейинки иш уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0