Сөөгү өзүнүн өрттөлгөн үйүнөн табылды. Баткенде дагы бир жаран каза болду

© Sputnik / Эламан КарымшаковМаксат айылындагы күйүп кеткен имарат
Максат айылындагы күйүп кеткен имарат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
Жеринде иштеп жаткан кабарчынын маалыматына караганда, анын сөөгү өзүнүн өрттөлгөн үйүнүн ичинен табылган. 2-майда жергиликтүү тургундар ал киши 53 жаштагы Ражапбай Эгембердиев экенин билдиришкен.
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган дагы бир кыргызстандык көз жумду. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
© Sputnik / Эламан КарымшаковSputnik агенттигинин жеринде иштеп жаткан кабарчысынын маалыматына караганда, анын сөөгү Лейлек районуна караштуу Максат айылында өрттөнгөн үйлөрдүн ичинен табылган
Sputnik агенттигинин жеринде иштеп жаткан кабарчысынын маалыматына караганда, анын сөөгү Лейлек районуна караштуу Максат айылында өрттөнгөн үйлөрдүн ичинен табылган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Sputnik агенттигинин жеринде иштеп жаткан кабарчысынын маалыматына караганда, анын сөөгү Лейлек районуна караштуу Максат айылында өрттөнгөн үйлөрдүн ичинен табылган
© Sputnik / Эламан Карымшаков2-майда жергиликтүү тургундар маркум 53 жаштагы Ражапбай Эгембердиев экенин билдиришкен
2-майда жергиликтүү тургундар маркум 53 жаштагы Ражапбай Эгембердиев экенин билдиришкен - Sputnik Кыргызстан
2/2
2-майда жергиликтүү тургундар маркум 53 жаштагы Ражапбай Эгембердиев экенин билдиришкен
1/2
Sputnik агенттигинин жеринде иштеп жаткан кабарчысынын маалыматына караганда, анын сөөгү Лейлек районуна караштуу Максат айылында өрттөнгөн үйлөрдүн ичинен табылган
2/2
2-майда жергиликтүү тургундар маркум 53 жаштагы Ражапбай Эгембердиев экенин билдиришкен
"Мага азыр эле жеткен маалыматка караганда, жаңжал учурунда жарадар болгон Максат айылынын тургуну көз жумду", — деди Солтонбекова.
Sputnik агенттигинин жеринде иштеп жаткан кабарчысынын маалыматына караганда, анын сөөгү Лейлек районуна караштуу Максат айылында өрттөнгөн үйлөрдүн ичинен табылган. 2-майда жергиликтүү тургундар маркумду 53 жаштагы Ражапбай Эгембердиев экенин билдиришкен.
"Коңшулары ал окуя болгон күнү үйүндө жалгыз болгондуктан качып чыга албай калганын билдиришти. Бир уулу Бишкекте иштейт, бир кызы турмушка чыккан, кичүү кызы лицейде окуп жаткан", — деди кабарчы.

Баткендеги кандуу кагылыш

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Ушуну менен 35 кыргызстандык жаран көз жумуп, 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү.
Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.
Миномет менен атуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
"Головнойдо" минометтун огунан 25тен ашык киши өлгөн. ИИМдин билдирүүсү
1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.
Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча кагылышуудан 16 киши набыт болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0