00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ок жааган үйлөр, баласын кучактап муңайган энелер. Баткендеги абалдын видеосу

Жазылуу
Бейшемби күнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ырбап кеткен. Жаңжал алгач Көк-Таш, Ак-Сай айылдарында чыккан. Sputnik Кыргызстандын кабарчылары дал ушул аймакка барып соңку кырдаалды тартып, жашоочулардын пикирин укту.
Баткен шаарынан чыгып Көк-Таш айылына кире берген жерде жолдун ортосунда катары менен Кыргызстандын номери тагылган үч жеңил унаа турат. Алар курал менен аткылаган. Ичиндеги адамдар тууралуу маалымат жок. Бирок кандын тактары, бут кийимдер калганын көрүүгө болот. Ал эми Lexus унаасын аскер техникасы менен тебелетип, тез жардам унаасын оодарып салышкан.
Жергиликтүүлөр дал ушул жерде тажик тарап кыргыз жарандарын өткөрбөй аткылаганын айтышты. Кээ бирлеринин үйүнө гранатомёт түшүп, жааган ок дубалын тешкен.
Көк-Ташка барып айыл тургундарынан бир гана Нурмат Маллаевди кезиктире алдык. Ал үй-бүлөсүн коопсуз жайга чыгарып кетүүгө үлгүргөнүнө кубанып турат, себеби жааган ок үйүнүн ичине чейин кирген.
"Бет маңдайыбыздагы үйлөрүндө туруп алып гранатомёт, миномёт, автомат бардыгы менен атышты. Жөнөкөй жарандарды дагы аяшкан жок. Дубалга эле 12 ок тийген, терезе аркылуу канча киргенин эсептей албайм. Фундаменттин чекесине гранатомёт түшүп, жарылган", — деди Маллаев.
Ал эми Ак-Сай айылында үйүн кайтарып жүргөн эркектерди көрүүгө болот. Аларга гуманитардык жардам иретинде тамак-аш алып келишүүдө. Ак-Сай аркылуу Лейлекке барса болот, бирок ары жакта ок атылып жатканын айтып аскерлер өткөргөн жок.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
Жаңжал башталарда аялдар менен балдарды эвакуациялап, Баткен шаарына алып келишкен. Учурда алар мектептердин спорт залында баш калкалап жатышат.
Мисалы, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепке 295 адам жайгаштырылган, анын 199у балдар. Бусайра Шарипова жалгыз өзү Ак-Сай айылынан качып келген, келини төрт баласын алып тоо тарапка, Рават айылына кеткенин айтат.
"Бири-бирибиз менен байланыша албайбыз. Балдарым, неберелерим эмне болду билбейм. Тоодо байланыш үзүлгөн. Бир туугандарыбызга, балдарыбызга чалсак "эски көпүрөнүн алдында отурабыз, эч жакка кете албайбыз" дешти. Ары жакка барайын дешсе жөн эле от чыгып жатыптыр", — деди Шарипова.
Аман Мамытов эки небересин ээрчитип Тоо-Шаңы жайлоосунан түшүп, шаардагы Ленин атындагы мектепке келген. Ал түнү менен тоо аралап жөө келгенин билдирди.
Баткен районундагы Ак-Сай айылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
1-майда Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо сүйлөшүлөт
"Саат 7ден өткөндөн кийин дүк-дүк деди, алыстан каяктан билесиң кыргыз атып жатабы же тажик атып жатабы... Мен Ворухтун үстүндөгү жайлоодо жашайм. Кечээ жөнөгөм, бул жерге түштө келдим. Түндө жолдо жаттык", — деди Мамытов.
Белгилей кетсек, чек ара заставаларынын, турак үй, май куюучу жайлардын өрттөлүшү Лейлек районунун айылдарында болгон. Ал тарапка өтүү кооптуу болду.
Соңку маалымат боюнча, Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагындагы Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келди. Ок атуулар токтоп, абал турукташып жатканы, бирок чыңалуу бар экени белгиленди.
Чек ара чырынан 31 кыргызстандык набыт болуп, 154ү жаракат алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0