00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мэриянын үйлөрүн сатып жиберген кызматкер 16 жылга кесилди

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLСудьянын балкасы. Архив
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Мэрияда иштеген кызматкер ондон ашуун адамды сызга отургузуп, 33 миллион 070 миң 250 сомго алдап кеткени аныкталды.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Нариман Түлеевден алынган сегиз батирди сатып ийген мэриянын мурунку кызматкери Эрик Ашыралиев 16 жылга эркинен ажыратылып, 300 миң сом айып салынды. Мындай өкүмдү Ленин райондук соту чыгарганы тууралуу маалымат Жогорку соттун сайтына жарыяланды.
Сот аны Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык"), 233-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу"), 359-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") жана 358-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча күнөөлүү деп тапкан. Жаза мөөнөтү 2019-жылдын 7-сентябрынан тарта эсептелет.
Ключи от квартиры  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2019
"Түлеевдин үйлөрүн" сатып алып сызга отургандар. Чуулуу иш кандайча жүргөн
Маалыматка ылайык, 2012-жылы Эрик Ашыралиев 12 иш боюнча алдамчылыкка күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Ал жаза мөөнөтүн жатак абагында өтөп чыккан. 2017-жылы соттуулугу тууралуу маалыматты жашырып, Ленин райондук акимчилигинин экономика жана финансы бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу болуп жумушка орношкон. Ошондон 2019-жылга чейин сегиз адамды сызга отургузуп, ири суммага алдап кеткен.
Ага карабай соттуулугун дагы жашырып, Бишкек шаардык мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жалпы бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткаруучу кызматына келген. Андан соң жасалма документтердин негизинде Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден өндүрүлгөн сегиз батирди сатып, акчасын өзүнө ыйгарып алган. Ал батирлер мэриянын мүлк башкармалыгынын балансында турган.
Натыйжада сот Эрик Ашыралиев ондон ашуун адамды сызга отургузуп, 33 миллион 070 миң 250 сомго алдап кеткенин аныктаган. Аталган сумманы ээлерине төлөп берүү милдеттендирилди.
Өзүн Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырып, Сокулук районунун жашоочусунан акча талап кылган киши менен анын шериги кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Милиционердин атын жамынып ишкерди коркуткандар кармалды. Сүрөт
Мындан сырткары, аукцион аркылуу арзан түшөт деген жүйө менен бир үй-бүлөгө 5000 долларга Toyota Camry саткан. Ал эми ушундай эле үлгүдөгү дагы эки автоунаа алып берүү үчүн 16 миң доллар алып, бирок убадасын аткарган эмес. Натыйжада 21 миң доллар зыян келтиргени айтылат.
Белгилей кетсек, кылмышкер иши ачыктала баштаганда Баткен облусунда жашырынып жүрүп, Тажикстанга өтүп, андан ары Түркияга учуп кетүүнү пландаштырган. 2019-жылдын 7-сентябрында милиционерлер менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Ашыралиевди Лейлек районундагы чек арадан өтүп бара жаткан жеринен кармашкан.
Эске салсак, 2017-жылы экс-мэр Нариман Түлеевдин 11 батири конфискацияланып, мамлекетке өткөрүлгөн. Анын сегизи мэриянын, ал эми үчөө Башкы прокуратуранын балансына берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0