"Түлеевдин үйлөрүн" сатып алып сызга отургандар. Чуулуу иш кандайча жүргөн

Жазылуу
Жакында эле борбор калаа бийлигинин мурдагы кызматкерине издөө жарыяланды. Жабырлануучулардын айтымында, жаш жигит шаардын чок ортосунан үч бөлмөлүү батирден сегизди "сатууга" дааган. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы ийне-жибине чейин изилдеп, тасма тартса болчудай макала жазды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Сентябрдын башында шаардык мэрия Муниципалдык мүлк башкармалыгынын (ММБ) жетекчиси Нурдин Тынаев тарабынан бети ачылган алдамчылык схемасы туурасында жар салды. Тынаевдин айтымында, аталган башкармалыкта бир жарым айча иштеп кеткен IT-адис чоң афёра жасап кеткен: жаш жигит документтерди жасалмалап, Түлеевден мамлекетке алынган батирлерди "сатууда" жарандардан алдамчылык менен акча алган.

2017-жылы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин 11 батири мамлекеттин менчигине өткөн. Келтирилген зыяндар үчүн сот аларды мамлекетке алып койгон. Алардын ичинен сегиз батир мэриянын карамагына өткөн эле. Кыймылсыз мүлк сатылбай турган, аукционго да коюлган эмес.

Бирок мэриянын мурунку кызматкерин бул да токтотпоптур. Жабырлануучулардын айтымында, муниципалдык мүлктү сатуу боюнча документтердин баары жасалмадай эмес, чын өңдүү эле көрүнгөн. Шектелүүчү 305 миң доллар менен качып кеткен. Азыр ал милиция тарабынан изделүүдө

© пресс-служба мэрии города БишкекТүлеевден алынган 8 батирди сатып ийип, элди сызга отургузду деп шектелген мэриянын мурунку кызматкери
Түлеевдин үйлөрүн сатып алып сызга отургандар. Чуулуу иш кандайча жүргөн - Sputnik Кыргызстан
Түлеевден алынган 8 батирди сатып ийип, элди сызга отургузду деп шектелген мэриянын мурунку кызматкери

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы алданган жарандарга жолугуп, окуянын чоо-жайын сурап көрдү. Жабырлануучулар купуялуулукту сактоону өтүнгөндүктөн, макаланын каармандарынын аты-жөнү өзгөртүлдү. Материал жабыр тарткандардын айткандарына жана алар көрсөткөн документтерге таянуу менен даярдалды.

Таанышуу

Китайцы займутся рыбным хозяйством в КР - Sputnik Кыргызстан
Балык өстүргөн ишкер: отставкадагы полковник 3 млн. сомго алдап кетти
Светлана кыймылсыз мүлктүн сатылышы боюнча жарнаманы интернеттен көргөн. "Батирди биз рекламадан көрүп кызыгып калдык, социалдык медиада ал үй кызуу жарнамаланган. Баары кадимкидей эле болчу, анда көрсөтүлгөн номерге чалып, кезигүүнү макулдаштык. Белгиленген дарекке келсек, батирдин жанынан бизди шектелүүчүнүн досу менен дагы бир киши тосуп алды", — деп баяндады ал.

Дагы бир жабырлануучу Айназик да бул кара жолтой батирлер боюнча интернет аркылуу кабардар болгон. Ал эми Эркинди шектелүүчү менен борбор калаадагы кыймылсыз мүлк агенттигинде тааныштырышкан. Ишкананын кызматкери мэриянын өкүлү сызга отургузуп кетерин эч ойлобогонун айтышат.

"Кандайча мындай окуяга туш болгонубузду түк түшүнбөй турам. Албетте, батирлерди сатуу боюнча аукциондор өтөрүн билчүбүз, бирок мурда-кийин андайга катышып көргөн эмеспиз. Анан калса бул батирди мага эзелки таанышым сунуштаган. Азыр изделип жаткан киши менен ошентип байланышканбыз, аны мурда таанычу эмесмин", — деди агенттиктин менеджери.

© Фото / предоставлено потерпевшими в деле о "тюлеевских" квартирах19-июлга карата "аукционго" коюлган лоттордун тизмеси
Түлеевдин үйлөрүн сатып алып сызга отургандар. Чуулуу иш кандайча жүргөн - Sputnik Кыргызстан
19-июлга карата "аукционго" коюлган лоттордун тизмеси

Ал эми Сымбат менен шектелип жаткан жигиттин орток тааныштары бар. Улам-улам андан үстөгү менен карызга акча алып, убагында кайтарып турчу.

"Таанышым июль айында мага телефон чалып, Муниципалдык мүлк башкармалыгына ишке орношконун кабарлаган. Кызматынын аталышын эстей албай турам, бирок "жалпы бөлүмдүн башкы адисинин милдетин аткаруучу" дегендей эле", — деп улантат ал кебин.

Биз байланышкан жабырлануучулардын баары алдамчылыкка шектелген кишинин аларга күбөлүк көрсөткөнүн белгилешет. "Чынын айтсам, анда так кайсы кызмат жазылганы жадымда жок, бирок IT-адис эмес экени так. Эч шек жаратпайт, мөөрү менен сүрөтү бар болчу", — деп эскерет жабырлануучулардын дагы бири Айназик.

Бишкектик кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин менеджери да жаш жигитке ишенген экен, ага өз паспортун көрсөткөн.

Аукцион

Батирди Светланага көрсөткөн жигиттер үйдүн ачкычы жана документтердин түп нускасы менен келишкен, анын ичинде турак жайдын техпаспорту да болгон. Алар батирдин аукцион боюнча сатыларын да кошумчалап, ага катышуу үчүн акча төлөө керектигин түшүндүрүшкөн. "Биз Муниципалдык мүлк башкармалыгына жөнөдүк", — деп эскерет ал кыз.

Жигит ММБ имаратына кирген эмес, кардарларды сырттан тосуп алган. Процедура мыйзамдуу, мамлекеттик деңгээлде экенине ынандырган. "Адегенде биз аукционго катышуу үчүн он миң доллар төлөгөнбүз, кийин дагы он миң доллар бердик. Мэриянын кызматкеримин деген жигит турак жайды өзүбүзгө каттатып, колубузга үйдүн техпаспорту тийгенден кийин муниципалитеттин кассасына дагы 15 миң доллар төлөөгө тийиш экенибизди айткан", — дейт Светлана. Аталган башкармалыктын бөлөк кызматкерлери менен бул жабырлануучу кыз дагы макаланын башка каармандарындай эле "сатуучунун" из жашырып кетишине чейин байланышкан эмес. 

© Фото / предоставлено потерпевшими в деле о "тюлеевских" квартирах19-августка карата "аукционго" коюлган лоттордун тизмеси
Түлеевдин үйлөрүн сатып алып сызга отургандар. Чуулуу иш кандайча жүргөн - Sputnik Кыргызстан
19-августка карата "аукционго" коюлган лоттордун тизмеси

"Аукциондорго биз катышкан жокпуз, жабык өтө турганын айтышкан", — дейт ал. Жабыр тарткан кыз акчаны нотариус аркылуу бергенин, келишимдердин баары күбөлөндүрүлгөнүн кошумчалайт. Аукциондун жеңүүчүсү экенин тастыктаган протоколдор да колунда.

Случаи мошенничества в КР - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик аялдарды 110 миң долларга отургузуп кеткен. Шектүү кармалды
Буга шектүү жигит жабырлануучулардын баарын, анын ичинде Айназикти да ынандырган. "Документтерден кынтык тапкан эмеспиз, алардын жасалма болот деп шектенген да жок элек. Бизге ал Мамлекеттик каттоо техпаспортунун түп нускасын көрсөткөн. Алтургай биз аны ИНН аркылуу да текшерип көргөнбүз, анык экени тастыкталган", — дейт жабырлануучу кыз. Ал шектелүүчү күнөөлүү экенинен шек санабайт, бирок бул иште анын жалгыз экенине эч ишенбейт.

"Ал батирлердин бирин көрсөттү, колунда техпаспорту бар эле. Биз ынандык. "Турак жайдын архивде сакталган ачкычтары кантип катардагы айти кызматкеринин колуна тийди, ал жакка анын кире албай турганы анык эмеспи?.." деген суроо жаралат менде. Жаш жигит мындай афёраны жалгыз жасай алмак эмес, менимче. Башкармалыкка кирип, ачкычтарын, документ, буйруктарды алып чыккан…", — деп таңгалат Айназик…

Таанышы сызга отургузуп кетери Сымбаттын оюна да келбептир.

"Шектелүүчү мага бир жолу ММБ аукцион боюнча батирлерди сатып жатканын, эгер зарыл болсо жардамдашарын айтып калды. Мурда алар Түлеевден тартып алынганын, азыр алар жөн эле бош турганын кошумчалады. Анан ал жигит сатып алууга кызыкдарлар бар-жогун сураган. Албетте, бул боюнча өз тааныштарыма кабарладым, кантсе да батирлердин баары калаанын дал ортосунда. Анан да ал бардык документ, техпаспорттордун көчүрмөлөрүн көрсөткөн да", — деп түшүндүрөт ал.

Анын айтымында, турак жайларды 45-50 миң долларга сунуштаган, ал эми үстүңкү кабаттагыларын 40 миңге чейин түшүргөн. Мурда ММБ башчысы андай кыймылсыз мүлктүн рыноктогу баасы эки эсе кымбат, 100-120 миң долларга чейин чыгарын билдирген. Арзан сунушталган батирлер көп кишини кызыктырганы турулуу иш эмеспи. Сымбат аркылуу кардарлар "сатуучуга" акчаларын беришкен. 

© Фото / предоставлено потерпевшими в деле о "тюлеевских" квартирах"Аукциондордун" бирин жеңип алгандардын тизмеси
Түлеевдин үйлөрүн сатып алып сызга отургандар. Чуулуу иш кандайча жүргөн - Sputnik Кыргызстан
"Аукциондордун" бирин жеңип алгандардын тизмеси

"ММБнин атынан аукциондон утканыбыз тууралуу документтерди жасоодон да кайра тартпаптыр. Кийин ал жигит кыймылсыз мүлктү кайра каттоо үчүн мамлекеттик төгүмдүн төлөнгөнү тууралуу дүмүрчөктөрдү да көрсөткөн. Ар биринде сатып алуучунун аты-жөнү жазылган, кантип ишенбей коё алабыз?.. Төрт кишиден ал толук сумманы алууга үлгүргөн. Дагы экөө 20 миң доллардан аванс беришкен", — дейт ал. 

© Фото / предоставлено потерпевшими в деле о "тюлеевских" квартирахМамлекеттик пошлина төлөгөнүн тастыктаган "дүмүрчөк"
Түлеевдин үйлөрүн сатып алып сызга отургандар. Чуулуу иш кандайча жүргөн - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик пошлина төлөгөнүн тастыктаган "дүмүрчөк"

Сымбат алты батир үчүн шектелүүчүгө 211 500 доллар берген.

Эркинге турак жайды кыймылсыз мүлк агенттигинин кызматкерлери көрсөткөн, аларга шектелген жигит батирдин ачкычын берген экен. Баш калаанын чок ортосундагы 115 чарчы метрлик аянты бар батир кантип 50 миң доллар болсун деп да кызыккан.

Госипотека в КР - Sputnik Кыргызстан
Үйлүү болуунун дагы бир жолу. МИК жаңы механизмди түшүндүрүп берди
"Турак жай бюджеттен айлык алгандарга же жетим балдарга бекер берилерин, ошондон улам ушундай төмөн баада деп түшүндүрүшкөн. Мэрия кээде батирлерди бекер бөлүп берерин укканым бар, анан ошондой үйлөрдөн го деп ойлоп койдум", — дейт Эркин.

Анын айтымында, агенттиктин кызматкерлери да "сатуучудан" шектенүүгө эч кандай негиздин жоктугуна ишендиришкен. Компаниянын менеджери агенттик дайым турак жай тууралуу маалыматтарды текшерип, шек жараткан сунуштардан баш тартарын айтат.

"Батирди көрсөтүп жатып шектелүүчү турак жай мэриянын менчигинде экенин билдирген. Ал маалыматты тактаганбыз, чын эле ошондой болчу. Муниципалитеттин кызматкеринин аукцион өткөрүүгө укугу бар деген бүтүмгө келгенбиз. Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу кыймылсыз мүлк камакка алынып-алынбаганын текшергенбиз. Түлеевдин батирлери экенин баары билишчү, кийин ал соттошуп чыкпайбы деп тактаган элек. Ошондон кийин гана батирди биз кардарга сунуштаганбыз", — дейт агенттиктин кызматкери.

© Фото / предоставлено потерпевшими в деле о "тюлеевских" квартирах"Аукциондун" өтүшү менен муниципалдык менчиктин "сатылышын" тастыктады делген документ
Түлеевдин үйлөрүн сатып алып сызга отургандар. Чуулуу иш кандайча жүргөн - Sputnik Кыргызстан
"Аукциондун" өтүшү менен муниципалдык менчиктин "сатылышын" тастыктады делген документ

Айтымында, кыймылсыз мүлктүн документтери да, баасы да эч кандай шек туудурган эмес, себеби "бүгүнкү күндө батирлердин арзан сатылышы кадыресе көрүнүш, көйгөйүн ылдам чечип алуу үчүн адамдар мүлкүн, анын ичинде кыймылсыз мүлкүн да тез сатууга аракет кылышат". Агенттик кызматкеринин пикиринде, мэрия көп кишилерге батир берет, болуп эле келген андай кырдаалда эч нерсе өөн учураган эмес. "Муниципалитет да өз менчигиндеги турак жай боюнча өзү ылайык көргөндөй чечим чыгара алат деген ойдо болгонбуз", — дейт ал.

"Батирлердин баары үч бөлмөлүү — аларды элге жөн эле таратылбасы турган иш! Ушундай жол менен кыймылсыз мүлктү сатып, бюджетчилерге бир бөлмөлүү батир беришет го деп боолголоп койдук", — деп түшүндүрөт кырдаалды менеджер.

Из жашырышы

Светлана батир акчасынын калган суммасын топтоп коёт, бирок жума күнү шектелүүчү телефон чалып, иш оңунан чыкпай калганын, алган акчасын ишемби күнү саат кечки бешке чейин кайтарып берерин убада кылат.

"Мэрия акыры олуттуу орган деп ишенгенбиз, бирок убада кылган күнү ал телефонун өчүрүп коюп жок болду. Эртеси күнү милицияга арыз жаздык", — деп баяндайт ал.

Шектенсе деле Эркин ал шылуунга ынанган. "Кое бергим келген эмес аны! Колунан кармаш керек болчу, бирок агенттиктин кызматкерлери мени токтотуп, эртең ал акчаны кайтарып берет деп ишендиришкен. Мурда эле андан акчаны алып алмакмын, бирок агенттиктегилер баары жайында деп коюшкан", — деп кейийт жабырлануучу.

© Фото / предоставлено потерпевшими в деле о "тюлеевских" квартирахШектүү жазып кеткен тил кат
Түлеевдин үйлөрүн сатып алып сызга отургандар. Чуулуу иш кандайча жүргөн - Sputnik Кыргызстан
Шектүү жазып кеткен тил кат

Шектелген киши качып кеткенге чейин эле бул иште бир мандем бар экенин сезген кардарды эмнеге акырына дейре жоошутуп келген себебин сурасак, агенттиктин менеджери: "Мурда эле коңгуроо кагып чыкмакпыз, бирок ага негиз жок болчу. Нотариуска барып, анын ар бир кадамын текшерип турганбыз! Мисалы, ал техпаспорт жаңыланууга берилгенин айткан. Мамлекеттик каттоо кызматына чалсак, бул маалымат тастыкталды. Баштан-аягына чейин ал жигит байланышта болчу, телефон чалганыбызда жооп берип, иштин жылышы боюнча айтып турчу", — деп жооп берди.

Эркинден агенттик батирди сатыктан алып коюу үчүн 10 миң доллар алган, бул – кадимки жол-жобо. Ал акчасын кайра сураганда менеджер ал сумманы дароо кайтарып берген.

© Фото / предоставлено потерпевшими в деле о "тюлеевских" квартирахКыймылсыз мүлк агенттигинин менеджеринин тил каты
Түлеевдин үйлөрүн сатып алып сызга отургандар. Чуулуу иш кандайча жүргөн - Sputnik Кыргызстан
Кыймылсыз мүлк агенттигинин менеджеринин тил каты

Эркин бул фактыны тастыктады. Бирок качып кеткен жигитке алдатып ийген 20 миң доллар аванс үчүн агенттик да жооптуу экенин айтат. "Шектелип жаткан киши менен мени риэлторлор тааныштырышкан. Баары таза экенине ишендиришкен. Алдын ала төлөмдү "сатуучуга" бергениме агенттиктин менеджери да күбө. Натыйжада, акчамды алдап кетишсе, агенттиктен эмне пайда?" — деп нааразы болот жабырлануучу.

Мэриянын кызматкери жоголуп кеткенден кийин Эркин компанияга телефон чалат, анын кызматкерлери алакан жаят. Ошентсе да агенттик кардар кабылган бул абалга кейип, издөөдөгү киши табыларына ынана турганын билдирди.

Айназик окуя боюнча өз версиясы менен бөлүшөт. Аванс катары ал дагы "сатуучуга" 20 миң доллар берген.

"31-августта чуу көтөрүп калдык. Изделип жаткан киши жоголгондон бир күн өтпөй биз башкармалыкка барып, анын жетекчиси Нурдин Тынаев менен кезигип, ага документтерди көрсөтүп, тергөөчү чакырдык. Шектелген жигиттин иш столун тергөөчү Тынаевдин катышуусунда текшергенин, биз ага күбө болбогонубузду белгилегим келет", — деди ал.

Кыргызстандагы банк сектору - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар насыяны кандай максатта алат? Банктар тууралуу маалымат
Окуялардын мындай өнүгүшү жабырлануучу кызга кызыктай туюлган. Айназиктин айтымында, ал башында изделип жаткан кишинин эмес, башкармалыктын үстүнөн арыз жазгысы келген. Себеби аукциондордун бардык протоколдор, мөөрү ММБга таандыктай көрүнгөн.

"Батирди "саткан" киши менен башкармалыктын имаратынын алдынан жолукканбыз, алтургай, бир жолу ичине да баш бакканбыз. Кошумча кагаздарды сурарыбыз менен эле ал имараттан алып чыга калчу", — дейт ал.

Окуянын чоо-жайын териштирип жүрүп, ММБ жетекчиси Нурдин Тынаевге да кайрылдык. Ал батирлердин мыйзамсыз "сатылышы" боюнча факты инвентаризациялоонун жыйынтыгында анык болгонун, буга чейин жабырлануучулар ага кайрылбагынын белгиледи.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0