БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Нариман Түлеевден алынган сегиз батирди сатып, элди сызга отургузду деп шектелген мэриянын мурунку кызматкери А.Э. кармалганын шаардык милиция билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси кылмыштуу схеманы аныктап чыкканы айтылган. Калаа мэриясынын мурунку кызматкери муниципалдык мүлктү сатуу боюнча аукциондун протоколдорун жасалмалап, Москва көчөсүндө жайгашкан сегиз батирди сатып ийген. Аталган кызматкер мэрияда болгону бир жарым ай иштеген. Анын мыйзамсыз аракеттеринен 583 миң долларлык чыгым келтирилгени белгилүү болду.
Милиция шектүү Баткен облусунда жашырынып жүргөнүн, Тажикстанга өтүп, андан ары Түркияга учуп кетүүнү пландаштырганын айтып берди.
7-сентябрь күнү милиционерлер менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматындагылар шектүүнү чек арадан өтүп бара жаткан жеринен, Лейлек районунан кармашкан. Учурда Бишкекке алып келинип, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешелүүлүгү такталып жатат.
Эске салсак, сот 2017-жылы экс-мэр Нариман Түлеевдин 11 батирин конфискациялап, мамлекетке өткөргөн. Анын сегизи мэриянын, ал эми үчөө Башкы прокуратуранын балансына берилген.