https://sputnik.kg/20210415/matraimov-ehrkindikke-chykty-1052136003.html
Матраимовдун кылмыш иши кыскартылып, эркиндикке чыкты
Матраимовдун кылмыш иши кыскартылып, эркиндикке чыкты
Sputnik Кыргызстан
Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 миллион сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди. 15.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-15T11:01+0600
2021-04-15T11:01+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
саясат
райымбек матраимов
эркиндик
кылмыш
райым матраимовдун кармалышы
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/14/1050129769_0:-1:997:563_1920x0_80_0_0_5d9a6104de4604d3e7a513fd2a9867cd.jpg
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.УКМК сотко чейинки өндүрүштү баштоого Матраимовдун Дубай Эмиратында кымбат мүлкү бар экендиги боюнча "Азаттык Медиа" мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгонун белгилеген.Атайын орган журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталбаганын, тергөөгө далилдер табылбаганын айткан. Ошондой эле Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргызстандан сырткары башка өлкөдөн ар кандай кыймылсыз мүлктү сатып алуу фактылары тастыкталбаганы кошумчаланган."Буга байланыштуу колдонуудагы жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.Матраимов өз ыктыяры менен 20 миллион сомдон ашык каражатка бааланган, жалпы аянты 232,3 м2 батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп бергени айтылды.Матраимовдун ишиБажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.Райымбек Матраимов экинчи ирет 18-февраль күнү кайра кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, кийин ал эки айга камакка алынган. Кийин анын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жаткан. Апрелдин башында ал "Бикард" жеке клиникасынан чыгып, №47 түзөтүүчү колонияга киргизилген.
https://sputnik.kg/20210409/maripov-kalkty-tejloo-borboru-achylysh-surot-1052058648.html
https://sputnik.kg/20210222/matraimov-kan-basymy-1051545406.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/14/1050129769_30:-1:926:563_1920x0_80_0_0_336a43d9044f2730d32b53bf19189137.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, райымбек матраимов, эркиндик, кылмыш, райым матраимовдун кармалышы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, райымбек матраимов, эркиндик, кылмыш, райым матраимовдун кармалышы
Матраимовдун кылмыш иши кыскартылып, эркиндикке чыкты
11:01 15.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 миллион сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
УКМК сотко чейинки өндүрүштү баштоого Матраимовдун Дубай Эмиратында кымбат мүлкү бар экендиги боюнча "Азаттык Медиа" мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгонун белгилеген.
"Анын кымбат мүлкүн аныктоо үчүн тергөө кызматы Матримовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлктөрүнүн болушу тууралуу КМШ, Европа өлкөлөрүнүн, Кытай, Түркия жана Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тиешелүү өтүнүчтөрдү жөнөткөн. Бирок аталган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкты", — деп жазылат билдирмеде.
Атайын орган журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталбаганын, тергөөгө далилдер табылбаганын айткан. Ошондой эле Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргызстандан сырткары башка өлкөдөн ар кандай кыймылсыз мүлктү сатып алуу фактылары тастыкталбаганы кошумчаланган.
"Буга байланыштуу колдонуудагы жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Матраимов өз ыктыяры менен 20 миллион сомдон ашык каражатка бааланган, жалпы аянты 232,3 м2 батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп бергени айтылды.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.

22 Бирдин айы 2021, 13:10
11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине
кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.
Райымбек Матраимов экинчи ирет 18-февраль күнү кайра
кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, кийин ал эки айга
камакка алынган. Кийин анын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жаткан. Апрелдин башында ал "Бикард" жеке клиникасынан чыгып, №47 түзөтүүчү
колонияга киргизилген.