https://sputnik.kg/20210402/bishkek-velozhurush-sport-zhol-tygyn-1051973702.html
4-апрелде веложүрүштөн улам Бишкектин түштүгүндө тыгын жаралышы ыктымал
4-апрелде веложүрүштөн улам Бишкектин түштүгүндө тыгын жаралышы ыктымал
Sputnik Кыргызстан
Спорттук иш-чаранын катышуучулары Айтматов проспекти менен Масалиев көчөсүнө чейин барып, андан ары Түштүк магистралдан Жетикашкаева көчөсүнө чейин жетишет. 02.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-02T08:49+0600
2021-04-02T08:49+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
спорт
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471829_0:85:3488:2047_1920x0_80_0_0_c8d19aba1125351b4e79fafdc1cf0213.jpg
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Ордо калаада 4-апрелде веложүрүш өтүп, ага байланыштуу Бишкектин бир нече көчөсүндө айдоочулар үчүн кыймыл чектелет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.Муниципалитеттин билдирмеси боюнча, веложүрүштүн катышуучулары М. Гшлиессер көчөсүндө жайгашкан Ден соолук паркынын түндүк тарабына чогулуп, спорттук иш-чара 10:00дө башталат.Спорттук иш-чаранын катышуучуларын Кайгуул милициянын үч автоунаасы жана Тез жардам кызматынын эки бригадасы коштой турганы айтылды. Жеринде 20 тартип сакчысы иштейт.Мэрия веложүрүш маршрутунун бир бөлүгүндө айдоочулар үчүн кыймыл чектеле турганын эскертип, жол иш-чара бүтөрү менен толук ачыларын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471829_759:0:3488:2047_1920x0_80_0_0_4ee7c981ce0f6f225d76297f0fa2da86.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, спорт
жаңылыктар, коом, кыргызстан, спорт
4-апрелде веложүрүштөн улам Бишкектин түштүгүндө тыгын жаралышы ыктымал
08:49 02.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Спорттук иш-чаранын катышуучулары Айтматов проспекти менен Масалиев көчөсүнө чейин барып, андан ары Түштүк магистралдан Жетикашкаева көчөсүнө чейин жетишет.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Ордо калаада 4-апрелде веложүрүш өтүп, ага байланыштуу Бишкектин бир нече көчөсүндө айдоочулар үчүн кыймыл чектелет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитеттин билдирмеси боюнча, веложүрүштүн катышуучулары М. Гшлиессер көчөсүндө жайгашкан Ден соолук паркынын түндүк тарабына чогулуп, спорттук иш-чара 10:00дө башталат.
"Велосипедчендер Айтматов проспекти менен Масалиев көчөсүнө чейин барып, андан ары Түштүк магистралдан Жетикашкаева көчөсүнө чейин жетишет. Токтоналиев көчөсүнөн кайра Ден соолук паркына кайтышат. Ошентип велосипед менен жүрүшкө чыккандар 10 чакырым жолду басат", — деп жазылат маалыматта.
Спорттук иш-чаранын катышуучуларын Кайгуул милициянын үч автоунаасы жана Тез жардам кызматынын эки бригадасы коштой турганы айтылды. Жеринде 20 тартип сакчысы иштейт.
Мэрия веложүрүш маршрутунун бир бөлүгүндө айдоочулар үчүн кыймыл чектеле турганын эскертип, жол иш-чара бүтөрү менен толук ачыларын кошумчалады.