Иш козголгон Марат Аманкулов депутаттык мандатын тапшырат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Марат Аманкулов
Депутат Марат Аманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
УКМК депутаттын активдеринин жалпы орточо баасы 1,5 миллиард сомдон ашык экенин белгилеп, мыйзамсыз баюу беренеси менен иш козгогон.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мандатын тапшырат. Бул туурасында маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында каралмакчы.
БШКнын маалымат кызматы Аманкулов өз ыктыяры менен мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганын билдирди.
Мыйзамсыз байыган ЖК депутатынын мулкү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Мыйзамсыз байыды делген ЖК депутатынын мүлкүнүн тизмеси жана сүрөттөрү
Белгилей кетсек, буга чейин депутатка УКМК тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Аманкуловдун активдеринин жалпы баасы 1,5 миллиард сомдон ашык экени айтылган. Ал мүлктөрүн жашыруу үчүн жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан деп айыпталууда. Атап айтканда соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, үч кеңсе жана төрт турак жай, беш батир, "Каприз" борборундагы коттедж, үч хан сарай жана жогорку өкүлдүк класстагы беш аткаруучу унаа.
Марат Аманкулов жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыр күздөгү парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясынын лидери болуп катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0