Өмүрлүк жарын жамандаба! Бир туугандар ортосундагы этикет

© Sputnik / Табылды КадырбековПоказ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн татыктуу алып жүрүү эрежелери менен тааныштырат.
Бир тууган — бул Кудайдын белеги, жашоодогу тирегибиз экенинде талаш жок. Ата-энеден кийин эле сырдашып, башыбызды жөлөй турган адамдар дагы ушулар.
Анткен менен жакын адамыбыз баарын түшүнөт, кечирет дей бербей аны дагы сыйлап, ортодогу мамиледе кандайдар бир жазылбаган эрежелерди кармануу керек.
Алар тууралуу этикет муралими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Адилеттүүлүк

Тойго келген коноктор тост учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2021
Той ээсинин көзүн карап сүйлө. Тост айтуу маданияты

Адилеттүүлүк — жашоодогу бардык мамилелердин негизи. Бир туургандар арасында дагы кадимкидей тең салмактуулук сакталышы керек. Албетте, кичине кезинде ата-эне кенжесин же ооруп калган баласын өзгөчө бөпөлөп, көзүн карайт эмеспи. Чоңдордун жашоосунда бардыгы башкача. Андыктан ортодо катачылык кетирип алсаңыз моюнга алып, кечирим сурап, сөзгө туруп, акты ак, караны кара деп ачык айтууга үйрөнүү керек. Албетте, чындык элдин баарына эле жага бербейт. Бирок чындыкты жакын адамдарга айтпаганда кимге айтабыз?

Лидерге баш ийүү

Канча бир тууган болсо дагы арасынан бири кыйын чыгары талашсыз. Ортодогу көпчүлүк маселени ошол киши чечет (сөзсүз эле үйдүн улуусу эмес). Чынында мындай адамдын болгону жакшы. Оозунда сөзү бар, акылы тунук кишинин тегерегине чогулуп иш бүтүргөнгө эмне жетсин.

Кылдат мамиле

Бир тууганың сен жөнүндө өзүңдөн да көптү билген учурлар болот. Андан эч нерсени жашырып болбойт. Бирок адам чоңойгондо, өзүнчө бүлө күткөндө жашоого көз карашы өзгөрүшү мүмкүн. Анын үстүнө өмүрлүк жар, кайын журт ар кимге ар кандай таасир этет. Андыктан турмуш курган бир тууганга көп учурда кылдаттык менен мамиле кылууга туура келет.

Таарыныч

III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2021
Өтө ысык болуп сырыңды төгүп салба. Аяштар мамилесиндеги этикет

Тирүү адам болгон соң уялаштардын ортосунда деле уруш-талаш, таарынычтар болбой койбойт. Бирок бир туугандар колдон келишинче көйгөйдү эртерээк чечишип, элдешип алганы жакшы. Экөөнүн таарынычы аларга гана эмес, башка бир туугандарга дагы, өзгөчө, ата-энесине өтө негативдүү сезимдерди жаратат. Анын үстүнө жакын адамына таарынычы бар киши өзү билбей эле бат чүнчүп кетет.

Жеке жашоосуна киришпе

Ар бир киши бир тууганым бактылуу болсун деп ойлойт. Бирок бакыт ар ким үчүн ар башкача экенин унутпайлы. Мисалы, иниңиз сизге анча жакпаган кызга үйлөнсө, сиз каалабаган жумушта иштесе же сиз начар адам деп эсептеген киши менен дос болсо эле бактысыз болуп калбайт. Бул жерде жөн гана бир туугандар бири-биринин тандоосун кабыл алууга үйрөнүшү керек.

Бир туугандын өмүрлүк жарына сый

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2019
Жигитине көз артпа. Курбу кыздар ортосундагы этикет

Өтө маанилүү жагдайлардын бири. Бир тууганымдан сый көрөм десеңиз, анын теңин дагы сыйлашыңыз керек. Албетте, кээде өз киши көрүп эжеңизге жездеңиздин кемчиликтерин айтып коюшуңуз мүмкүн. Ал деле ошол учурда шек алдырбай кубаттап коюшу дагы ыктымал. Бирок чогуу жашап жаткан түгөйү болгондон кийин баары бир көңүлүнө бир нерсе кылт этиши мүмкүн. Андыктан жезде, жеңе, келин, күйөө балдарга өздөй мамиле кылып, ынтымакты буза көрбөгүлө.

Жаңылыктар түрмөгү
0