00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!». Сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Той ээсинин көзүн карап сүйлө. Тост айтуу маданияты

© Фото / Pixabay / pen_ashТойго келген коноктор тост учурунда. Архив
Тойго келген коноктор тост учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн татыктуу алып жүрүү эрежелери менен тааныштырат.
Кайсы бир майрам, туулган күн, үлпөт той, юбилей, корпоративдик кече, айтор, ушул сыяктуу иш-чаралардын бардыгы каалоо-тилек, башкача айтканда, тост менен коштолот.
Салтанат ээсине жана конокторго жагымдуу маанай тартуулайм десеңиз, тост айтуу маданиятын сактаңыз. Каалоо-тилек айтып жаткандагы эрежелер тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берет.

Кезек

Тостту каалаган учурда, каалаган киши айта бергени туура эмес. Адатта алгач кеченин ээси, андан соң окуяга түздөн-түз тиешеси бар адамдар сүйлөйт. Эгер баарына тең орток иш-чара болсо жаш курагына жараша улуулашып же жетекчиликтен баштап, катары менен улана берет. Жыйынтыктоочу тост кайрадан кеченин кожоюнуна берилет.
Свидание в ресторане - Sputnik Кыргызстан
Адамды сүйсөңүз фантазияга чек койбоңуз. Таанышуу этикети
Стакан кармоо
Адатта стаканды же бокалды тост ээси көтөрүп, башкалардын көңүлүн бурат. Ошондон кийин гана калгандар  стаканды колго алат. Эгер сүйлөп жаткан киши бокалды кармабай эле сөз баштаса, башкалар дагы дал ошондой кылганы туура. Тост ээси ордунан турганы же турбаганы кеченин макамына жараша болот.  Эгер расмий иш-чара болсо, сүйлөп жаткан киши ордунан турганы жакшы. Ал эми туугандар, достор арасында отуруп сүйлөй берсе болот.

Алып иели!

Тост ээси каалоо-тилек арналып жаткан кишинин көзүнө карап сүйлөшү керек. Тост аяктаган соң алгач башкалар ичип, тост ээси менен каалоо-тилек айтылган адам аларды күтүп турат.

Тосттун мазмуну

Айрым адамдар узак сүйлөгөндү жакшы көрөт. Бирок көп киши менен отурган жерде башкалардын каалоосун жана убактысын сыйлоо керек. Тост кыска-нуска, иш-чарага жана салтанат ээсине түздөн-түз тиешелүү сөздөрдөн, каалоолордон куралганы жакшы. Анын ата-теги, 10 жыл мурда болгон окуялар тууралуу жеке өзүнө, башкалар жокто айтканыңыз туура. Дегеним, ал сөздөр той ээсине канча баалуу болгону менен башкаларга түшүнүксүз, кызыксыз болушу мүмкүн. Дагы бир маанилүү нерсе, тостко таарыныч, качандыр бир учурда болгон жагымсыз окуялар тууралуу кошпой эле койгон жакшы.
Учитель истории лицея НИУ ВШЭ Сергей Цибульский - Sputnik Кыргызстан
Беймаал тынчын алба! Мугалимге кайрылуу этикети
Аралык
Чакан жамаатта ар бир тосттун ортосунда 15 мүнөттөн убакыт өткөрсө болот. Ал эми көп киши катышкан салтанат, тойлордо каалоо-тилектердин ортосунда андан бир аз көбүрөөк убакыт өтүшү зарыл. Ошондой эле жогорку пунктуда айтылгандай, элди тажатып ийбей кыска болушу керек.

Той ээси

Башкалардан айырмаланып, той ээсине көбүрөөк убакыт берилет. Анткени ал бир тосттун ичине конокторго ыраазычылыгын, иш-чаранын маанилүүлүгүн, ошондой эле кимдир бирөөлөргө өзгөчө рахматын батырышы керек. Шарт боюнча кожоюндун тостунан кийин чөйчөктөр бош калышы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0