Кол жоолук кылыштыбы? Байденди жардан түрткөндөр

© REUTERS / BRIAN SNYDERКандидат в президенты США от Демократической партии Джо Байден
Кандидат в президенты США от Демократической партии Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Жазылуу
Россиядагылар АКШ президентинин РФ лидери Владимир Путиндин дарегине айткандарын угуп таң калып турганда Кошмо Штаттардын өзүндө журналисттер башка кабар угушту.
Ак үй акыры Жо Байдендин алгачкы маалымат жыйыны кайсы күнү өтөрүн айтышты. Иш-чара 25-мартка белгиленген. Бул чындап эле чоң окуя. Тагыраак, аны ушундай деңгээлге азыркы вашингтондук администрация чыгарды.
АКШда эбактан бери келе жаткан салт бар: жаңы шайланган президент кызматына киришкенден көп өтпөй – адатта бир ай аралыгында басма сөз жыйынын уюштурат. Маселен, Барак Обама 20-күнү, ал эми Дональд Трамп 27 күн дегенде журналисттер менен баарлашкан. Бул багытта 33 күн күтүп, антирекорд койгон эле. Эгер белгиленген убакыт жылып кетпесе эле Жо Байдендин бул көрсөткүчү 64 күндү түзөт. Анан калса ушул тема америкалык маалымат каражаттарын кыжырдантчу да болгон.
Президент США Джо Байден и вице-президент Камала Харрис - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Байден вице-президент Камала Харрис андан акылдуу экенин айтты
Өткөн аптада эле кезектеги бир окуяга күбө болдук, Вашингтондогу чарбалык дүкөнгө Байдендин барганын чагылдырып жаткан журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө өзүнүн жардамчылары жол беришкен жок. Мындай кадамдар жаңы лидер туурасында айтылып жаткан күбүр-шыбырды дагы көбөйтүп, шек туудурат. Америкалык президенттин ABC News телеканалына берген маеги бул шек саноолорду күчөтөт. Себеби Жо Байден Владимир Путинди "жан кыйгыч" деп атаган жок, журналисттердин биринин: "Аны жан кыйгыч деп эсептейсизби?" - деген суроосуна гана: "Мммм, ооба", - дегени дүйнөгө дүң болду. Россиялык маалымат каражаттары америкалык президент менен кимдин сүйлөшкөнүн этибарга алышпады, ысымын да аташкан жок. Бекер кылышты, анткени ал — абдан таанымал инсан.
Жорж Стефанопулос — америкалык, ал түгүл дүйнөлүк саясий журналистиканын көрүнүктүү жана белгилүү жылдыздарынын бири. Анын канчалык таанымал экенин түшүнүү үчүн 2019-жылы чыгыш европалык форумда россиялык, индиялык жана япониялык лидерлердин катышуусундагы сессияны алып барууга тийиш болгонун гана эскертүү керек. Ачыгы, башталар маалда Стефанопулос Владивостокко келе албай калган. Аталган журналист Американын эң таасирдүү саясий кландарынын бири — Клинтондорго жакындыгын жана атайын саясий таржымалы менен да белгилүү.
Алаканын жеткен чеги: Россия менен АКШ кол үзүү кооптуулугунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Алаканын жеткен чеги: Россия менен АКШ кол үзүү кооптуулугунда
Стефанопулос 1992-жылы Билл Клинтондун президенттик кампаниясында коммуникация боюнча директор болгон, кийин анын алгачкы администрациясында барктуу кызматтарды ээлеген. 1990-жылдардын экинчи жарымында журналистикага кеткени менен анын таасирдүү үй-бүлө менен байланышы үзүлгөн эмес.
Соңку жаңжалдан улам 2010-жылдардын ортосунда журналист Клинтондордун фондуна бир нече жыл бою ири өлчөмдө кайрымдуулук кылып келгени (жалпысынан 75 миң доллар) аныкталды. Бул туурасында өзү иштеген ABC News каналына да маалымдаган эмес.
Республикалык партия ага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, бир тарапты ачык жактагандыгы жана кызыкчылыктар кагылышынан улам президенттик дебаттарды алып барууга тыюу салууну талап кылышкан. Мурдагы шайлоолордо журналист ушул вазыйпаны аткарып келген. Анын Клинтондорго жакындыгы демократтарга же алардын лидерине лоялдуулугун туюндурбайт. Байден менен баарлашуусунда Стефанопулос эмнеден улам андай суроо бергенин болжой гана алабыз. Балким бул курч материал алуу жана дүң болчу сөздөрдү айттыруу ниетиндеги кадимки медиа оюнудур. Мүмкүн атайын ойлонуштурулган чагымчылдыктыр. Президент темасына Голливуд буга дейре көп кайрылса да реалдуулук дагы бир ирет ой чабыттын күлүктүгүнөн кыйла ашып түштү. Кандай болгон күндө да чуулгандуу ошол маек Кошмо Штаттардын президентин журналист өз табитине жараша калчай алганын көрсөтүп койду.
Жаңылыктар түрмөгү
0