https://sputnik.kg/20210319/putin-bajdendi-tuz-ehfirde-chakyrdy-ak-uj-zhoop-1051824216.html
Путин Байденди түз эфирде сүйлөшүүгө чакырды. АКШнын жообу
Путин Байденди түз эфирде сүйлөшүүгө чакырды. АКШнын жообу
Sputnik Кыргызстан
АКШ президенти буга чейин Путин "шайлоого кийлигишкендиги үчүн жооп берет" деп айткан. ЖМКлар Байден аны "жан кыйгыч" деп эсептей турганын жазды. 19.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-19T11:50+0600
2021-03-19T11:50+0600
2021-12-16T22:29+0600
жаңылыктар
саясат
дүйнөдө
акш
жо байден
владимир путин
сүйлөшүүлөр
россия
https://sputnik.kg/img/07e5/03/13/1051823598_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_658c2dd10da887da13f3a654dae471ff.jpg
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ак үйдүн АКШ президенти Жо Байден менен Россиянын лидери Владимир Путиндин болжолдуу сүйлөшүүсү тууралуу маалыматы жок. Бул тууралуу РИА Новости Байдендин маалымат катчысы Жен Псакиге шилтеме берип жазды.Эске салсак, АКШ президенти буга чейин Путин "шайлоого кийлигишкендиги үчүн жооп берет" деп айткан. ЖМКлар Байден ABC телеканалынын журналисттери менен сүйлөшүп жатып, "россиялык президентти жан кыйгыч деп эсептейсизби?" деген суроого "ооба" деп жооп бергенин жазган. Бирок кандай мааниде айтайын дегени түшүнүксүз болуп калгандыгын айтып чыгышкан. Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки Байдендин бул сөзү Путин жөнүндөгү метафора болгонбу же жокпу деген суроого түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.Өз кезегинде Путин Байденге ден соолук каалап, "соо бол" деп айтмакмын" деген.Кечээ Россиянын президенти америкалык кесиптешин түз эфирде сүйлөшүүгө чакырып, буга кайсы учур болбосун убакыт табарын белгилеген. Бирок жума күнү менен дүйшөмбү ыңгайлуу экенин, дем алышта тайгага барарын билдирген. Тиешелүү тапшырма ТИМге берилмек.Псаки белгилегендей, Байдендин эртең Жорджияда "зарыл иштери" бар. Ак үй Путиндин сунушу тууралуу ойлонуп калса кабар берерин билдирген.Маалымат катчы президент россиялык кесиптеши менен баарлашканын эске салып, бирок ал сүйлөшө элек башка дагы дүйнөлүк лидерлер бар экенин айткан.Журналисттер Байденге Путин менен сүйлөшүүсү тууралуу суроо узатканда жооп бербестен трибунадан кетип калган.
https://sputnik.kg/20210310/aksh-rossiyadan-bajkalgys-och-alat-1051724030.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/13/1051823598_340:0:3071:2048_1920x0_80_0_0_336ecb9e65ef625c9f631e436dc703bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, саясат, дүйнөдө, акш, жо байден, владимир путин, сүйлөшүүлөр, россия
жаңылыктар, саясат, дүйнөдө, акш, жо байден, владимир путин, сүйлөшүүлөр, россия
Путин Байденди түз эфирде сүйлөшүүгө чакырды. АКШнын жообу
11:50 19.03.2021 (Жаңыртылды: 22:29 16.12.2021) АКШ президенти буга чейин Путин "шайлоого кийлигишкендиги үчүн жооп берет" деп айткан. ЖМКлар Байден аны "жан кыйгыч" деп эсептей турганын жазды.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ак үйдүн АКШ президенти Жо Байден менен Россиянын лидери Владимир Путиндин болжолдуу сүйлөшүүсү тууралуу маалыматы жок. Бул тууралуу
РИА Новости Байдендин маалымат катчысы Жен Псакиге шилтеме берип жазды.
Эске салсак, АКШ президенти буга чейин Путин "шайлоого кийлигишкендиги үчүн жооп берет" деп айткан. ЖМКлар Байден ABC телеканалынын журналисттери менен сүйлөшүп жатып, "россиялык президентти жан кыйгыч деп эсептейсизби?" деген суроого "ооба" деп жооп бергенин жазган. Бирок кандай мааниде айтайын дегени түшүнүксүз болуп калгандыгын
айтып чыгышкан. Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки Байдендин бул сөзү Путин жөнүндөгү метафора болгонбу же жокпу деген суроого түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
10 Жалган Куран 2021, 15:07
Өз кезегинде Путин Байденге
ден соолук каалап, "соо бол" деп айтмакмын" деген.
Кечээ Россиянын президенти америкалык кесиптешин түз эфирде сүйлөшүүгө чакырып, буга кайсы учур болбосун убакыт табарын белгилеген. Бирок жума күнү менен дүйшөмбү ыңгайлуу экенин, дем алышта тайгага барарын билдирген. Тиешелүү тапшырма ТИМге берилмек.
Псаки белгилегендей, Байдендин эртең Жорджияда "зарыл иштери" бар. Ак үй Путиндин сунушу тууралуу ойлонуп калса кабар берерин билдирген.
Маалымат катчы президент россиялык кесиптеши менен баарлашканын эске салып, бирок ал сүйлөшө элек башка дагы дүйнөлүк лидерлер бар экенин айткан.
"Биз Россиянын лидери жана өкмөт мүчөлөрү менен байланыштабыз, бирок алдыдагы жолугушууларга байланыштуу айта турчу нерсем жок", — деген Псаки.
Журналисттер Байденге Путин менен сүйлөшүүсү тууралуу суроо узатканда жооп бербестен трибунадан кетип калган.