Вашингтон өзү түшүндүрсүн! Захарова Байдендин айткандары боюнча үн катты

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Ведомстводон "Вашингтон менен болгон алака-катнаштардын калыбына келбегендей бузулушунан" алыс болуу ниети бар экендигин айтышкан.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Вашингтон россия-америка мамилелеринде эмне болуп жаткандыгын Москвага өзү түшүндүрүшү керек. Мындай пикирин РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШ президенти Жозеф Байдендин кызуу талкуу жараткан билдирүүсү боюнча комментарий берип жатып айткандыгын РИА Новости жазды.
Президент буга чейин Байден Владимир Путинди "шайлоого кийлигишкени үчүн жооп берет" деп айткан эле. ЖМКлар Байден ABC телеканалынын журналисттери менен сүйлөшүп жатып, россиялык президентти "жан кыйгыч" деп атагандыгын, бирок бул мааниде айтайын дегенби же башка нерсе тууралуу айттыбы, түшүнүксүз болуп калгандыгын жазып жатат.
Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки Байдендин бул сөзү Путин жөнүндөгү метафора болгонбу же жокпу деген суроого түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
"Биздин америкалык кесиптештерибиз ал жерде эмне болду эле деген түз суроого жооп берүүдөн толугу менен баш тартты. Алар (жооптор — ред.) негизинен жок. Негизи эмне болуп жатат деп алардан сураш керек", — деген Захарова "Вести FM" радиостанциясынын түз эфиринде.
Буга чейин Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Москвага Вашингтон менен болгон мамилелердин азыркы контекстин сүйлөшүү үчүн чакырылгандыгын ТИМ кабарлаган.
АКШ Атлантикадагы россиялык кемелерден чочуп... НАТОнун кезектеги кадамы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
АКШ Атлантикадагы россиялык кемелерден чочуп... НАТОнун кезектеги кадамы
Ведомстводон "Вашингтон менен болгон алака-катнаштардын калыбына келбегендей бузулушунан" алыс болуу ниети бар экендигин айтышкан.
Россиялык дипломатиялык миссия Facebook социалдык тармагындагы баракчасында "түзүлгөн бул кырдаал Вашингтондун соңку жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан максаттуу багытынын кесепети" экендигин айткан. Алар "мындай жол менен эки тараптуу өз ара мамилени туңгуюкка кептеген".

Россияга каршы санкция

Шаршемби күнү АКШнын Соода министрлиги Россияга каршы чектөөлөрдү койду, тагыраагы, куралды импорттоо жана экспорттоого тыюу салынган мамлекеттердин тизмесине киргизди. АКШнын соода санкциялары улуттук коопсуздукка байланыштуу экспортко тиешелүү болду, авиация жана космос боюнча бир канча өзгөчөлүк 1-сентябрга чейин гана болот. Чечим 18-мартта күчүнө кирет.
Мындай чарага Алексей Навальныйдын маселеси жана ага "химиялык, биологиялык куралды пайдалануу" себеп болгон.
Вашингтондун монументинин жанындагы туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Россия элчилиги АКШнын шайлоо боюнча айыптоосуна жооп берди
Мындан сырткары, АКШнын Улуттук чалгын кызматынын директорунун кеңсеси сыр катары сакталчу докладды ачыктады. Анда Москваны Дональд Трамптын кайра шайланышына аракет кылган жана Жозеф Байденге бут тосуп, америкалык коомчулукта чыр-чатактын чыгышына аракеттенген деп күнөөлөшкөн. Документте Москвага каршы жаңы санкциялар туурасында айтылган.
Кремлден аталган доклад "негизсиз жана далилсиз" дешти. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россиянын бир дагы шайлоо өнөктүгүнө, шайлоодогу бир дагы талапкерге карата эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди. Анын айтымына караганда, мындай "сапатсыз" материалдар жаңы санкция салууда шылтоо катарында колдонулат.
ТИМ мындай чектөөлөргө "бейкапар" мамиле кылышарын, себеби буга окшогон санкция 90 жолу салынгандыгын билдиришти. Министрликтен Россияга басым жасоо максатында киргизилген санкциялар Москва — Вашингтон диалогунун жакшырышына кызмат кылбай тургандыгын, ал эми мамилелердин ыдырап бара жатышына АКШ жоопкер экендигин айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0