"Шамбала" тасмасы Россиянын "Ника" киносыйлыгына көрсөтүлдү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Ника" киносыйлыгы. Архив
Ника киносыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Фильмдин дүйнөлүк премьерасы 2020-жылы июль айында Шанхайда өткөн эл аралык фестивалда болгон. Тасма Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты фильми" номинациясы боюнча "Ника" киносыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты.
Фильмдин дүйнөлүк премьерасы 2020-жылы июль айында Шанхайда өткөн эл аралык фестивалда болгон. Тасма Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.
Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2021
Кыргызстандык режиссёр Индиядагы кинофестивалда мыкты аталды
"КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты кинокартинасы" наамына Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандагы режиссёрлордун эмгектери да ат салышары айтылды.
"Ника" киносыйлыгы 1987-жылы СССРдин кинематографисттери тарабынан түптөлгөн, негиздөөчүсү – Юлий Гусман. Киносыйлыктын жеңүүчүлөрү Кинематография искусствосу академиясынын мүчөлөрүнүн жашыруун берген добушу аркылуу аныкталат.
"Шамбала" фильми буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0