Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акимбаев: биз кабыл алган туу азыркыдай эмес болчу

© Фото / Умоталы Эркинбай уулуКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, легендарлуу парламенттин депутаты Орозбек Акимбаев
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, легендарлуу парламенттин депутаты Орозбек Акимбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, легендарлуу парламенттин депутаты Орозбек Акимбаев депутаттар кабыл алган туу азыркыдай болбогонун айтты.
Акимбаев: биз кабыл алган туу азыркыдай эмес болчу
Кыргыз Республикасы Советтер Союзунан бөлүнүп, эгемендүү мамлекет болгондон кийин туу, герб, гимнин бекитүү үчүн конкурс жарыяланган. Чыгармачыл адамдар Жогорку Кеңештин залында бир жумага жакын туунун көргөзмөсүн өткөрүп, авторлор менен идеясын ортого салып отуруп, 3-марттагы жалпы талкууда азыркы тууну кабыл алганбыз. Бул тууралуу Орозбек Акимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тууга көлдүн, жайлоонун, пахтанын, буудайдын жана тоонун сүрөттөрү тартылган 30-40ка жакын варианттар болгон.
"Желектин авторлору Жусуп Матаев, Эдил Айдарбеков, Маматбек Сыдыков, Бекбосун Жайчыбеков жана Сабыр Иптаровдун эмгеги жактырылган эле. Кызыл түстөгү туунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичине кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн. "Көк болуш керек", "жок, кызыл болсун" деп түсү боюнча да тартышуулар болду. Кыргызда жамандык болгондо көк, кара киет деп кызыл өңгө токтолдук. Башында желекке Американыкындай канча облус болсо ошончо жылдыз түшүрөлү деп чыгышкан эле. Кызыл туу кайраттуулуктун белгиси, мекенибизди коргоо үчүн канын-жанын аябаган адамдардын канынын түсү деп азыркы туу тандалды. Белгилей кетчү нерсе, негизи тууда азыркыдай эмес, бири узун, бири кыска нур чачырап турган. Кабыл алуунун эртеси желекти жасап келип жайса эле ал күн карамага окшоп калыптыр. Ошондо мен Медеткан Шеримкуловго "бул биз кабыл алгандай болбой калыптыр" десем, ал "ай Оке, Аскар Акаевич менен тартышып эми жараштык, кое турчу муну, кийинчерээк түзөп алабыз" деди эле. Ошол боюнча калып кетти. Элдин көзү көнүп, каныгып калгандан кийин тарыхка кайрылып аны оңдоонун зарылчылыгы барбы, эми аны азыркы жаштар карап көрөр", — деди Акимбаев.
Легендарлуу депутат 350 депутаттын 200дөн ашыгы азыркы тууну кабыл алууну колдогонун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0