00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мурутуна муз тоңуп. Киши чыдагыс аязда кино тартып жаткан мыктылардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Сол жактан санаганда биринчи турган белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев, анын жанында техникалык адис, камера кармап турган оператор Нуртай Борбиев, четтеги көз айнекчен ассистент Марс Умаровдун сүрөтү Кегети капчыгайында 1984-жылы тартылган.

Ал жылы СССРдин эл артисти Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде драматург Мар Байжиев менен бирге киносценарий жазып, "Ак илбирстин тукуму" көркөм фильмин тарта баштаган.

Ошол кезеңди белгилүү кинооператор Нуртай Борбиев көзү тирүү кезинде мындай деп эскерген:

"Төлөмүш менен иштегенде талашып-тартышып өз ой-пикирибизди айтчубуз, ал башкаларды уга билчү. "Ак илбирстин тукумун" Ала-Арча капчыгайында тартып жатканда Кожожаш менен Касендин Ак-Сай мөңгүсүнүн алдынан өткөн эпизоду бар. Экөө ошол жерге жеткенде альпинисттер жарылуучу каражаттарды колдонуп көчкү түшүрүшү керек болчу.  Эсептөөлөр боюнча алар тоодон катуу ылдамдыкта көчкөн кардын алдында калбашы керек эле, бирок экөө тең көчкүгө көмүлүп калган. Ошентип ал кадрлар тартылган.

Топ артисттин ортосунда турган белгилүү оператор Нуртай Борбиев, анын сол жагында экинчи катарда турган КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев жана үчүнчү катарда турган Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозованын сүрөтү 1984-жылы Чүй облусундагы Кегети ашуусунда тартылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Учуп жүргөн кыргызга таң калып... "Ак илбирстин тукумунан" таберик сүрөт
Төлөмүш дүйнөлүк деңгээлдеги атактуу режиссёрлордун бири болгон. Ал "биз өзүбүздүн улуттук пикирибизди, баалуулуктарыбызды, көз карашыбызды (тасмаларды — ред.) чет өлкөлөргө экспорттой алганда, биздин мамлекет Араб Эмираттарынан кем калышпай байымак" деп мага айтып калчу", — деп эскергени бар.

Көрүнүктүү бул кинокартинада башкы каарман Кожожаштын ролун аткарган Догдурбек Кыдыралиев сүрөттөгү эки залкарды мындайча эскерет.

"Ал кезде Нуртай Борбиев өтө масштабдуу жана кооптуу эпизоддорду мыкты тарткан операторлордун бири катары саналчу. Бир жолу режиссёр үчөөбүз тоого чыктык, автоунаага тамак-аш, сууну унутуп калыптырбыз. Ошондо менин ары-бери чуркаган эпизоддорумду бийик тоолуу шартта тартып, үчөөбүз  кечке чейин ачка жүрүп баспай калып ар кайсы таштын түбүндө улам эс алып  отуруп калганбыз. Хан-Теңири чокусуна жакын жерде 3000-4000 метр бийиктикте иштедик, ал жерлер чуркамак түгүл, оңгулуктуу да баса албай турган тоо-таштын арасы болчу", — деди Кыдыралиев.

Чыгармачылыкта Океев менен Борбиев узак убакыт биргеликте иштеп, "Мурас", "Сүйүү закымдары", "Ошондо "Манас" деп ураан чакырып" фильмдерин бирге жараткан.

"Ак илбирстин тукуму" кийин Берлинде эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына ээ болуп, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0