Сол жактан санаганда биринчи турган белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев, анын жанында техникалык адис, камера кармап турган оператор Нуртай Борбиев, четтеги көз айнекчен ассистент Марс Умаровдун сүрөтү Кегети капчыгайында 1984-жылы тартылган.
Ал жылы СССРдин эл артисти Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде драматург Мар Байжиев менен бирге киносценарий жазып, "Ак илбирстин тукуму" көркөм фильмин тарта баштаган.
Ошол кезеңди белгилүү кинооператор Нуртай Борбиев көзү тирүү кезинде мындай деп эскерген:
"Төлөмүш менен иштегенде талашып-тартышып өз ой-пикирибизди айтчубуз, ал башкаларды уга билчү. "Ак илбирстин тукумун" Ала-Арча капчыгайында тартып жатканда Кожожаш менен Касендин Ак-Сай мөңгүсүнүн алдынан өткөн эпизоду бар. Экөө ошол жерге жеткенде альпинисттер жарылуучу каражаттарды колдонуп көчкү түшүрүшү керек болчу. Эсептөөлөр боюнча алар тоодон катуу ылдамдыкта көчкөн кардын алдында калбашы керек эле, бирок экөө тең көчкүгө көмүлүп калган. Ошентип ал кадрлар тартылган.
Көрүнүктүү бул кинокартинада башкы каарман Кожожаштын ролун аткарган Догдурбек Кыдыралиев сүрөттөгү эки залкарды мындайча эскерет.
"Ал кезде Нуртай Борбиев өтө масштабдуу жана кооптуу эпизоддорду мыкты тарткан операторлордун бири катары саналчу. Бир жолу режиссёр үчөөбүз тоого чыктык, автоунаага тамак-аш, сууну унутуп калыптырбыз. Ошондо менин ары-бери чуркаган эпизоддорумду бийик тоолуу шартта тартып, үчөөбүз кечке чейин ачка жүрүп баспай калып ар кайсы таштын түбүндө улам эс алып отуруп калганбыз. Хан-Теңири чокусуна жакын жерде 3000-4000 метр бийиктикте иштедик, ал жерлер чуркамак түгүл, оңгулуктуу да баса албай турган тоо-таштын арасы болчу", — деди Кыдыралиев.
Чыгармачылыкта Океев менен Борбиев узак убакыт биргеликте иштеп, "Мурас", "Сүйүү закымдары", "Ошондо "Манас" деп ураан чакырып" фильмдерин бирге жараткан.
"Ак илбирстин тукуму" кийин Берлинде эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына ээ болуп, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган.