Топ артисттин ортосунда турган белгилүү оператор Нуртай Борбиев, анын сол жагында экинчи катарда турган КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев жана үчүнчү катарда турган Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозованын сүрөтү 1984-жылы Чүй облусундагы Кегети ашуусунда тартылган.
Ал жылы атактуу режиссер, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде драматург Мар Байжиев экөө кинофильмге сценарий жазып, "Ак илбирстин тукуму" көркөм тасмасын тартууга киришкен. Кинокартинада Жантелиев жинди Саяктын, Жангорозова уруу башчысы Сайкалдын образын жаратып, Борбиев операторлук милдетти аткарган.
Ошол кезеңди аталган фильмде Кожожаштын ролун аткарган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Догдурбек Кыдыралиев мындайча эскерет:
"Бул сүрөт бороон, суук болгон Кегети ашуусунда январь айында тартылган. Биз этектеги пионер лагерде жашап, күндө эртең менен саат бештерде туруп тамак-аш ичип, машиналарды жылытып, Алиман эжени кабинага салып алып, саат алтыда аскердик автоунаалар менен жолго чыгып кетчүбүз. Анткени кышкысын тоого кар калың түшүп жеңил унаалар чыга алчу эмес. Ал жерге жеткенде бир эле үйдө от жагылчу, баарыбыз ошол жакка тыгылып алчубуз. Тартуу иштери башталганда сыртка чыга калчубуз, үстүбүздөн тон түшчү эмес. Ашууда ушундай суук болчу эле, керек болсо мылтыгыбызды кармай албай калар элек. Ошол жерде Саяктын тамакты төгүп алып ыйлаганы, тоо эчкини кармап алган, аны сааган эпизоддор тартылган. Кийин фильм Германияда көрсөтүлгөндө чет элдиктер "чын эле тасмадагыдай бороон беле же учак колдондуңарбы" деп сурап таң калышкан. Биз "ушундай ызгаарлуу суукта, басылбаган бороондо иштегенбиз" деп жооп бергенбиз. Андан сырткары, менин деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте ашууда чуркап жүргөн эпизоддорумду көрүп мага "учуп жүргөн кыргыз" деген лакап ат коюп алышкан", — деди Кыдыралиев.
Башында Төлөмүш Океев ал ролго Сүймөнкул Чокморовду тартууну көздөгөн, бирок ал катуу ооруп жүргөндүктөн мүмкүн болгон эмес. Режиссер Москвада билим алып жүргөн Догдурбек Кыдыралиевди чакыртып келген. Ал атка кыйын минип, каскадерлук өнөрү болуп, өңү-түсү да башкы ролго дал келген.
"Ак илбирстин тукуму" көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин Берлинде эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына ээ болгон.