https://sputnik.kg/20210222/tekhas-katuu-suuk-1051546968.html
Техастагы катуу суук там-ташты талкалап, элди бүлгүнгө учуратты. Видео
Техастагы катуу суук там-ташты талкалап, элди бүлгүнгө учуратты. Видео
Sputnik Кыргызстан
Техаска капыстан түшкөн катуу суук миллиондогон америкалыктардын башына балээ болуп тийди. Аба ырайы адатта жылуу болуп келген түштүктөгү штатта өткөн жумада... 22.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-22T15:24+0600
2021-02-22T15:24+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
окуялар
видео
мультимедиа
техас
аба ырайы
суук
https://sputnik.kg/img/07e5/02/16/1051546465_0:-1:1275:720_1920x0_80_0_0_1e4e84fc820a7e6e9e89006adadad9cd.jpg
Аймакта күн мынчалык акыркы 30 жылдан бери сууктай элек болчу. Элдин баары жылыткычтарын иштеткендиктен энергетикалык система иштен чыгып, миллиондогон жарандар жылуулуксуз калган.Кризистин кесепетинен түтүктөр жарылып суу тартыштыгы жаралды. Мындан улам ажатканалардын багын толтуруу үчүн жарандар карды эритип жатышат.Штаттын жашоочулары сууктун айынан тоңгон үйлөрүнүн шыбынан суу кирип, турак жайлары жарактан чыккан видеолорду соцтармакка жарыялашууда.Айрым кадрлардан үйдөгү эмеректер, техника бузулганын, жашоочулар көргөн көзүнө ишенбей ыйлап жатканын көрүүгө болот.Акыркы маалыматтар боюнча, 14-февралдан бери сууктан 60 киши жабыркады. Түзүлгөн кырдаалдан улам президент Жо Байден өзгөчө кырдаал режимин киргизди.
техас
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/16/1051546465_48:-1:1194:720_1920x0_80_0_0_a8b867d2c08c746a6c51a059dfef8d51.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, окуялар, видео, мультимедиа, техас, аба ырайы, суук
жаңылыктар, дүйнөдө, окуялар, видео, мультимедиа, техас, аба ырайы, суук
Техастагы катуу суук там-ташты талкалап, элди бүлгүнгө учуратты. Видео
15:24 22.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Техаска капыстан түшкөн катуу суук миллиондогон америкалыктардын башына балээ болуп тийди. Аба ырайы адатта жылуу болуп келген түштүктөгү штатта өткөн жумада температура -20 градуска чейин түштү.
Аймакта күн мынчалык акыркы 30 жылдан бери сууктай элек болчу. Элдин баары жылыткычтарын иштеткендиктен энергетикалык система иштен чыгып, миллиондогон жарандар жылуулуксуз калган.
Кризистин кесепетинен түтүктөр жарылып суу тартыштыгы жаралды. Мындан улам ажатканалардын багын толтуруу үчүн жарандар карды эритип жатышат.
Штаттын жашоочулары сууктун айынан тоңгон үйлөрүнүн шыбынан суу кирип, турак жайлары жарактан чыккан видеолорду соцтармакка жарыялашууда.
Айрым кадрлардан үйдөгү эмеректер, техника бузулганын, жашоочулар көргөн көзүнө ишенбей ыйлап жатканын көрүүгө болот.
Акыркы маалыматтар боюнча, 14-февралдан бери сууктан 60 киши жабыркады. Түзүлгөн кырдаалдан улам президент Жо Байден өзгөчө кырдаал режимин киргизди.