https://sputnik.kg/20210217/aziya-kinofestival-kyrgyzstan-tolomushova-kalys-prezident-1051494347.html
АКШда өтчү Азия кинофестивалында калыстар тобун кыргызстандык киносынчы жетектейт
АКШда өтчү Азия кинофестивалында калыстар тобун кыргызстандык киносынчы жетектейт
Sputnik Кыргызстан
Кинофестиваль 10-марттан 15-мартка чейин онлайн-форматта өтөт. Сынакка жалпы жонунан 14 тасма катышууда. Кыргызстандын атынан режиссер Эмил Атагелдиевдин "Көл"... 17.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-17T17:29+0600
2021-02-17T17:29+0600
2021-12-22T12:14+0600
жаңылыктар
маданият
дүйнөдө
азия
кинофестиваль
гүлбара төлөмүшова
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/0b/1050748710_0:0:3073:1738_1920x0_80_0_0_b099b62749bfe98d499ce61c94281f4f.jpg
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Лос-Анджелесте түзүлгөн дүйнөлүк Азия кинофестивалында (AWFF) биринчи жолу Кыргызстандын кино индустриясынын өкүлү Гүлбара Төлөмүшова калыстар тобун жетектейт. Бул тууралуу кинофестивалдын расмий сайтына жарыяланды.Кинофестиваль 10-марттан 15-мартка чейин онлайн-форматта өтөт. Сынакка жалпы жонунан 14 тасма катышууда. Кыргызстандын атынан режиссер Эмил Атагелдиевдин "Көл" тасмасы сунушталган.Фестивалдын модератору белгилүү актриса, AWFF башкаруучулугунун мүчөсү Люси Лью болмокчу.AWFF 2015-жылы кинорежиссер, сценарист, коомдук ишмер жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан түптөлгөн. Аsian World Film Festival кинофестивалынын негизги максаты Азия менен Американын кино индустриясынын байланышын бекемдөө болуп саналат. Өткөн жылы кинофестивалдын коногу Анжелина Жоли болгон.
https://sputnik.kg/20210111/aksh-kinosynchylary-2020-zhyldagy-mykty-filmdi-tandady-1051060617.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/0b/1050748710_0:0:3073:1930_1920x0_80_0_0_2063abbc1a3a29773389b5731cb54e63.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, маданият, дүйнөдө, азия, кинофестиваль, гүлбара төлөмүшова
жаңылыктар, маданият, дүйнөдө, азия, кинофестиваль, гүлбара төлөмүшова
АКШда өтчү Азия кинофестивалында калыстар тобун кыргызстандык киносынчы жетектейт
17:29 17.02.2021 (Жаңыртылды: 12:14 22.12.2021) Кинофестиваль 10-марттан 15-мартка чейин онлайн-форматта өтөт. Сынакка жалпы жонунан 14 тасма катышууда. Кыргызстандын атынан режиссер Эмил Атагелдиевдин "Көл" тасмасы сунушталган.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Лос-Анджелесте түзүлгөн дүйнөлүк Азия кинофестивалында (AWFF) биринчи жолу Кыргызстандын кино индустриясынын өкүлү Гүлбара Төлөмүшова калыстар тобун жетектейт. Бул тууралуу кинофестивалдын
расмий сайтына жарыяланды.
"Азия киносунун дүйнөлүк фестивалы толук метраждуу тасмаларды караган калыстар тобунун төрайымы болуп берүүмдү сунуштаганы үчүн абдан кубанып турам. Уюштуруучу комитеттин мага болгон ишеними үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биздин калыстар конкурска катышкан тасмаларга так баасын берерин жана өз ишин жоопкерчиликтүү алып барарын белгилейм", — деди Кинопресса эл аралык федерациясынын мүчөсү жана кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова.
Кинофестиваль 10-марттан 15-мартка чейин онлайн-форматта өтөт. Сынакка жалпы жонунан 14 тасма катышууда. Кыргызстандын атынан режиссер Эмил Атагелдиевдин "Көл" тасмасы сунушталган.
Фестивалдын модератору белгилүү актриса, AWFF башкаруучулугунун мүчөсү Люси Лью болмокчу.
AWFF 2015-жылы кинорежиссер, сценарист, коомдук ишмер жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан түптөлгөн. Аsian World Film Festival кинофестивалынын негизги максаты Азия менен Американын кино индустриясынын байланышын бекемдөө болуп саналат. Өткөн жылы кинофестивалдын коногу
Анжелина Жоли болгон.