Алтынайдан Курманжан даткага чейинки жол. Жамал Сейдакматованын кинодо калган элеси

Жазылуу
Бүгүн КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан улам 82 жашында дүйнө салды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү театр жана актрисанын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Жамал Сейдакматова Ысык-Көл районунун Темир айылында 1939-жылы 21-сентябрда туулган. Ата-энеси кызынын мыкты билим алуусун көксөп, аны борбор калаага жөнөткөн. Фрунзедеги №5 орто мектепти аяктаган соң Москвадагы Жеңил өнөр жай институтуна тапшырган. Бирок табиятынан берилген шык, талант аны жөн койгон эмес.

Бала чагынан эле ыр-бийге шыктуу студентке жүрөгүн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган институтту 2-курстан таштап, Фрунзеге келип театрга кирип алган. Актриса мындай кадамга кичинекейиндеги кыялын орундатуу үчүн барган. Анткени алардын үйүнө Карамолдо Орозов, Саякбай Каралаев, Муратбек Рыскулов, Алиман Жангорозова, Бакен Кыдыкеева өңдүү залкарлар көп келип, секелек кыз алардан таасир алып шыктанган. Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева жана Даркүл Күйүкованын көрөгөчтүгү менен 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынат. Актрисанын 60-70-жылдар ичиндеги театр сахнасындагы бирден-бир жетишкендиги — англиялык улуу драматург Шекспирдин "Азоого чалма" комедиясындагы Катаринанын образы деп айтылып жүрөт.

КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Аялдан дос күткөн жокмун... Жамал Сейдакматованын турмуштук ойлорунан
Сейдакматова көбүнчө лирикалык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары мүнөздөлүп келет. Ошол эле маалда комедиялык ролдорду да ийине жеткире аткарган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында 32 жылдай эмгектенип, Шекспирдин "Азоого чалмасында" – Катарина, "Отеллосунда" – Дездемона, Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде Найман эне, Ж. Абдыкадыровдун "Олжобай менен Кишимжанында" – Кишимжан, К. Мамбетакуновдун "Омар Хайямдын махабатында" – Элпи, М. Байжиевдин" Төрт адамында" – Нази, "Кыз күйөөсүндө" – Гүлсүн, Б. Жакиевдин "Күттүргөн жаз да келер" драмасында – Зейнеп, М. Каримдин "Ай тутулган түнүндө" – Шафак, Гоголдун "Үйлөнүүсүндө" – Агафе Тихоновна, Ш. Садыбакасовдун "Ак боз атында" Эркеайым сындуу этаптык ролдорду аткарган.

Ал эми киного "Алыскы тоолордо" фильмине тартылуу менен аралашып, "Акбаранын көз жашында" – Көк Турсундун, "Алыскы тоолордо" – Зыягүлдүн, "Тянь-Шань кызы" тасмасында – Алтынайдын, "Караш-Карашта" – Хаджанын, "Уланда" — Фатиманын, "Курманжан даткада" – Курманжан датканын ролдорун өтө жогорку деӊгээлде ойногон. КР эл артисти 20дан ашык тасмада түрдүү образ жараткан.

II даражадагы "Манас" орденинин ээси жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуңуздар.

© Sputnik / Александр Федоров"Аманат" тасмасын тартуу маалында актриса ырчынын образында
Аманат тасмасын тартуу маалында актриса ырчынын образында - Sputnik Кыргызстан
1/12
"Аманат" тасмасын тартуу маалында актриса ырчынын образында
© Sputnik / Александр ФедоровҮсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу" кинокартинасында актриса Жамалдын, актер Болот Бейшеналиев Эсенгелдинин ролун аткарууда, 1974-жыл
Үсөнжан Ибрагимовдун Таштагы жылмаюу кинокартинасында актриса Жамалдын, актер Болот Бейшеналиев Эсенгелдинин ролун аткарууда, 1974-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/12
Үсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу" кинокартинасында актриса Жамалдын, актер Болот Бейшеналиев Эсенгелдинин ролун аткарууда, 1974-жыл
© Sputnik / Александр ФедоровДооронбек Садырбаевдин "Түркүн тагдырлар" фильминде Гүлсүндүн ролу, 1980-жыл
Дооронбек Садырбаевдин Түркүн тагдырлар фильминде Гүлсүндүн ролу, 1980-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/12
Дооронбек Садырбаевдин "Түркүн тагдырлар" фильминде Гүлсүндүн ролу, 1980-жыл
© Sputnik / Александр Федоров"Караш-Караш окуясында" актриса Жамал Сейдакматова (Хадича) менен актер Сүймөнкул Чокморов (Бактыгул)
Караш-Караш окуясында актриса Жамал Сейдакматова (Хадича) менен актер Сүймөнкул Чокморов (Бактыгул) - Sputnik Кыргызстан
4/12
"Караш-Караш окуясында" актриса Жамал Сейдакматова (Хадича) менен актер Сүймөнкул Чокморов (Бактыгул)
© Фото / Александр ФедоровЧыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде режиссер Дооронбек Садырбаев тарткан "Акбаранын көз жашы" фильминде Сейдакматова менен Байдөбөтов жубайлардын образын жараткан
Чыңгыз Айтматовдун Кыямат романынын негизинде режиссер Дооронбек Садырбаев тарткан Акбаранын көз жашы фильминде Сейдакматова менен Байдөбөтов жубайлардын образын жараткан - Sputnik Кыргызстан
5/12
Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде режиссер Дооронбек Садырбаев тарткан "Акбаранын көз жашы" фильминде Сейдакматова менен Байдөбөтов жубайлардын образын жараткан
© Sputnik / Александр Федоров"Кара-Кийикке жол" кинофильминде башкы каарман Шакен, 1975-жыл
Кара-Кийикке жол кинофильминде башкы каарман Шакен, 1975-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/12
"Кара-Кийикке жол" кинофильминде башкы каарман Шакен, 1975-жыл
© Фото / Александр ФедоровТөлөмүш Океевдин "Улан" кинокартинасы. Сүймөнкул Чокморов башкы каарман Азаттын, анын көңүлдөшү Фатиманын ролун Жамал Сейдакматова аткарган.
Төлөмүш Океевдин Улан кинокартинасы. Сүймөнкул Чокморов башкы каарман Азаттын, анын көңүлдөшү Фатиманын ролун Жамал Сейдакматова аткарган. - Sputnik Кыргызстан
7/12
Төлөмүш Океевдин "Улан" кинокартинасы. Сүймөнкул Чокморов башкы каарман Азаттын, анын көңүлдөшү Фатиманын ролун Жамал Сейдакматова аткарган.
© Sputnik / Александр ФедоровЖаш актриса "Таштагы жылмаюу" кинофильминде Жамалдын образында
Жаш актриса Таштагы жылмаюу кинофильминде Жамалдын образында - Sputnik Кыргызстан
8/12
Жаш актриса "Таштагы жылмаюу" кинофильминде Жамалдын образында
© Фото / Айтыш фильмТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Курманжан датканын ролун аткарып жаткан учуру
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Курманжан датканын ролун аткарып жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
9/12
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Курманжан датканын ролун аткарып жаткан учуру
© Sputnik / Александр ФедоровБашкы каарман Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана анын балта көтөргөн келинчеги (Жамал Сейдакматова), "Акбаранын көз жашынан" ирмем
Башкы каарман Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана анын балта көтөргөн келинчеги (Жамал Сейдакматова), Акбаранын көз жашынан ирмем - Sputnik Кыргызстан
10/12
Башкы каарман Базарбай (Дүйшөн Байдөбөтов) жана анын балта көтөргөн келинчеги (Жамал Сейдакматова), "Акбаранын көз жашынан" ирмем
© Фото / Александр ФедоровБелгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова "Улан" кинокартинасын тартуу учурунда
Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Улан кинокартинасын тартуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
11/12
Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова "Улан" кинокартинасын тартуу учурунда
© Фото / Айтыш фильмКРдин эл артисти көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "Курманжан даткада" башкы ролдо
КРдин эл артисти көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Курманжан даткада башкы ролдо - Sputnik Кыргызстан
12/12
КРдин эл артисти көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "Курманжан даткада" башкы ролдо
Жаңылыктар түрмөгү
0