https://sputnik.kg/20210216/aydana-otorbaeva-bedeld-siylykka-korsotuldu-1051484153.html
Футболчу Айдана Оторбаева дүйнөлүк беделдүү сыйлыкка көрсөтүлдү
Футболчу Айдана Оторбаева дүйнөлүк беделдүү сыйлыкка көрсөтүлдү
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык кыз пандемия маалында башкалардын өмүрүн сактоо үчүн өзүнүн жанын тобокелге салып жасаган иштери башкаларга үлгү болгону белгиленет. 16.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-16T20:39+0600
2021-02-16T20:39+0600
2021-12-15T22:50+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
футболчу
айдана оторбаева
сыйлык
https://sputnik.kg/img/104071/01/1040710108_0:350:5200:3275_1920x0_80_0_0_9790baa19cf8619cc4dc9f470b497afc.jpg
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү футболчу Айдана Оторбаева беделдүү Merit Award сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул туурасында Профессионал футболчулар ассоциациясынын расмий сайтына жарыяланды.Аталган сыйлык футболго эмгеги сиңген адамдарга берилет. Бул жылы ага сегиз оюнчу көрсөтүлдү. Ассоциация бир гана футболчулар эмес, спортчулар тобун дагы тандаган.Сыйлыктын жеңүүчүсүн 18-февралда Профессионал футболчулар ассоциациясынын башкы ассамблеясы аныктайт.Кыргызстандык спортчу көрсөтүлгөн номинация алгачкы ирет 1974-жылы дүйнө чемпиону (Англия командасынын курамында) Бобби Чарльтонго берилген. Андан кийин белгилүү футболчулар Пеле, Франк Лэмпард жана Алекс Фергюсонго ыйгарылган. Акыркы лауреат болуп 2017-жылы Дэвид Бекхэм алган.
https://sputnik.kg/20210215/sabyrbek-zhumabekov-zhyldyn-mykty-okumushtuusu-1051468853.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104071/01/1040710108_488:0:5116:3471_1920x0_80_0_0_9bbc99f8bfe3084a2ff9d71bae111511.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, футболчу, айдана оторбаева, сыйлык
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, футболчу, айдана оторбаева, сыйлык
Футболчу Айдана Оторбаева дүйнөлүк беделдүү сыйлыкка көрсөтүлдү
20:39 16.02.2021 (Жаңыртылды: 22:50 15.12.2021) Кыргызстандык кыз пандемия маалында башкалардын өмүрүн сактоо үчүн өзүнүн жанын тобокелге салып жасаган иштери башкаларга үлгү болгону белгиленет.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү футболчу Айдана Оторбаева беделдүү Merit Award сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул туурасында Профессионал футболчулар ассоциациясынын
расмий сайтына жарыяланды.
Аталган сыйлык футболго эмгеги сиңген адамдарга берилет. Бул жылы ага сегиз оюнчу көрсөтүлдү. Ассоциация бир гана футболчулар эмес, спортчулар тобун дагы тандаган.
"Айдана Оторбаева пандемия маалында башкалардын өмүрүн сактоо үчүн өзүнүн жанын тобокелге салды. Ал "Бирге" деп аталган ыктыярчылар кыймылын түзгөн. Айдана өзү медик болбосо дагы социалдык тармак аркылуу дарыгерлердин жүгүн жеңилдетүүгө жардам бере алды. Андан көпчүлүгү үлгү алып, жыйынтыгында 500гө чукул ыктыярчы чогулду. Жаштар өз саламаттыгын тобокелге салып стационардагы жана кызыл зонадагы медицина кызматкерлерине жардам беришти. Алардын эмгегин медициналык эксперттер аябай жогору баалады", — деп айтылат сайттын билдирүүсүндө.

15 Бирдин айы 2021, 17:26
Сыйлыктын жеңүүчүсүн 18-февралда Профессионал футболчулар ассоциациясынын башкы ассамблеясы аныктайт.
Кыргызстандык спортчу көрсөтүлгөн номинация алгачкы ирет 1974-жылы дүйнө чемпиону (Англия командасынын курамында) Бобби Чарльтонго берилген. Андан кийин белгилүү футболчулар Пеле, Франк Лэмпард жана Алекс Фергюсонго ыйгарылган. Акыркы лауреат болуп 2017-жылы Дэвид Бекхэм алган.