Генштабды Коргоо министрлигине айлантуунун эмне зарылдыгы бар эле. Адистердин пикири

© Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КРГенералдык штабтын аскер кызматкерлери. Архив
Генералдык штабтын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы бийликтин келиши менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы кайрадан Коргоо министрлиги болуп өзгөрүшү ыктымал.
Бүгүн Генштабдын маалымат кызматы бул ведомствонун кайра өзгөрүшү боюнча кабарды Sputnik агенттигине тастыктаган.
Мекеменин Facebook баракчасында "Жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт?" деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Андагы пикирлерге таянсак, оюн калтыргандардын көбү бул идеяны колдогон.
Эске салсак, Коргоо министрлиги 2014-жылы жоюлуп, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн бардыгы Генералдык штабдын карамагына өткөн. Министрлик өкмөткө, штаб мамлекет жетекчисине баш ийерин белгилей кетели.
Командно-штабные учения в учебном центре Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал режимине аскерлер кантип камданат. Сүрөттөгү ирмемдер
КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы — аскердик башкаруунун борбордук органы. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрдү жетектеп, аларды даярдоо менен алектенет.
Бул эки органдын аталышына жараша министр же начальник башкарса, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы кандай гана өзгөрүү болбосун Баш мыйзам боюнча президент болот.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аскер тармагында жогоруда белгиленгендей, күтүлүп жаткан өзгөрүү боюнча эксперттердин пикирин укту.

Алымкожоев: экөөнүн тең артыкчылыгы бар, бирок кийин Генштабга кайтабыз

Генералдык штабдын биринчи начальниги, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев КМШ мамлекеттеринин бардыгында жана Кытайда куралдуу күчтөр Коргоо министрлигине гана баш ийе турганын, бул жагдай Кыргызстанга аталган өлкөлөр менен кызматташууга таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
"Мурдагы Советтер Союзунун Коргоо министрликтери аскердик-техникалык жактан өз ара кызматташат. Кыргызстандыкы Генералдык штаб деп аталганы үчүн иштешүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканы айтылат. Себеби айрым мамлекеттерде Генштаб Коргоо министрлигине баш ийип, өзгөчө кырдаалдарды жөнгө сала турган орган катары иш алып барат. Биздикилер ушул максатта, тагыраагы, карым-катнаш үчүн министрлик рангына ээ болууга аракет кылып жаткан болушу мүмкүн", — деди Алымкожоев.
Ал Генералдык штабды Кыргызстан өзү ойлоп таппаганын, армиясы чоң батыш өлкөлөр ушундай аталышты алып жүрөрүн белгиледи. Ошондой эле анын министрликтен артыкчылыктары дагы бар экенин айтат.
Председатель ГСИН КР Аскат Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Эгембердиев: абактагылар өздөрүн, айрым мекемелерди азык-түлүк менен камсыздоодо
"Убагында Генштаб бардык күч структуралары бир колдо болсун деген максатта түзүлгөн. НАТО өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрү Генералдык штабдын башкаруусунда. Мындай орган аскерлердин күжүрмөн даярдыгына өзгөчө көңүл бурат. Негизи, Коргоо министрлиги бюджет саясатын чечет. Бизде да Генштаб жоокерлерди даярдоо менен көбүрөөк алектенип, акча каражатын Коргоо иштери боюнча комитет караштырчу. Менимче, азыркы жол менен кете бергенибиз туура болмок. Бирок кандай болгон күндө да азыркы бийликтин чечимин сыйлайбыз", — деди генерал.
Алымкожоев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 5-10 жылдан кийин кайра Генералдык штабга кайтууну ойлонушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Бейшенов: Коргоо министрлигинин жоюлушуна каршы чыкканбыз

КРдин мурдагы коргоо министринин экс-орун басары Мурат Бейшенов 2014-жылы Генералдык штабга өтөбүз деген демилге көтөрүлгөндө Коопсуздук кеңешине эксперт катары чакырылган экен. Ал ошондо эле кээ бир кесиптештери буга каршы чыкканын айтат.
© Фото / Клуб региональных экспертов "Пикир"КРдин мурдагы коргоо министринин экс-орун басары Мурат Бейшенов
Экс-заместитель министра обороны КР, член Совета ветеранов ВОВ, тружеников тыла и участников военных действий КР Мурат Бейшенов - Sputnik Кыргызстан
КРдин мурдагы коргоо министринин экс-орун басары Мурат Бейшенов
"Генералдык штаб конституциялык орган эмес, начальниги өкмөттүн мүчөсү эмес. Чоң мамлекет эмеспиз, армиябыз эбегейсиз болбогондон кийин штабдын эмне кереги бар дегенбиз. Бийлик ондогон миллион сом каражатты кетирип түзүмдү бул органга өткөргөн. Алты жыл болду, эмне өзгөрдү? Эми кайра Коргоо министрлиги болот деп жатат. Ички жана эл аралык документтерди алмаштырууга кайрадан ондогон миллион каражат кетет, бул чоң убаракерчилик да", — деди Бейшенов.
Ал убагында Коргоо министрлигин жоюп, Куралдуу күчтөрдү Генштабга өткөргөндөр жоопко тартылышы керек деген оюн кошумчалады.

Чотбаев: мурдагыдай эле Коргоо министрлиги болушу керек

Улуттук гвардиянын мурдагы генералы, афган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Коргоо министрлиги менен Генералдык штабдын ишинде көп деле айырмачылык жоктугун, кеп аларды ким жетектей турганында болуп жатканын айтты.
© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын мурдагы генералы, афган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
Экс-глава Национальной гвардии КР, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев - Sputnik Кыргызстан
Улуттук гвардиянын мурдагы генералы, афган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
"Менимче, мурдагыдай эле Коргоо министрлиги болушу керек. Коңшу мамлекеттердин ичинен бизде эле Генштаб болгондуктан алардын жанында толук кандуу орган боло албай жатабыз. Биздики АКШ менен Түркиянын Генералдык штабынын чала варианты болуп калган", — деди генерал-подполковник.
Чотбаев Коргоо министрлигин жоюуга запастагы генералдар башында эле каршы болгонун белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0