БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Өлкө боюнча бир айдын ичинде көмүрдүн орточо чекене баасы тоннасына 4,3 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
24-декабрга карата эң кымбат көмүр Ноокат (тоннасы — 8 406 сом), Баткен (8 068 сом) жана Исфана (7 797 сом) шаарларында сатылууда. Ал эми эң арзан баа Балыкчы шаарында катталды. Бул жерде бир тонна көмүр алуу үчүн 3 700 сом төлөйсүз. Нарын шаарынын тургундары 3 500 сомдон алууда.
Ошол эле учурда өлкөнүн түштүгүндөгү бир нече шаарда отундун бул түрү өзгөчө кымбаттаганын байкоого болот. Мисалы, Кербенде баа тоннасына 1 917 сом (51,1 пайыз), Өзгөндө 1 371 сом (30,8 пайыз), Кара-Сууда 500 сом (9,1) сомго жогорулады.
Муну менен катар айрым калктуу конуштарда көмүрдүн баасы мурдагы айдан өзгөргөн жок.