00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Быйыл 11 ай ичинде канча ымыркай төрөлүп, канча киши көз жумду. Статистика

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваТөрөт үйү. Архив
Төрөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү себептерден улам июнь айынан баштап өлүм каттоолорунун саны көбөйгөн. Сентябрь айынан тарта гана сандар төмөндөй баштаган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын 2020-жылдын 11 ай ичинде туулгандыгы жана каза болгондугу жөнүндө статистикалык маалымат берди.

Ага ылайык, орто эсеп менен ай сайын төрөлүү өлүмгө караганда төрт эсе көп катталган.

Быйыл январь айында МККнын алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жаңы төрөлгөн 13 миң ымыркай менен үч миң өлүмдү документтештирген. Ал эми апрелге чейин ушул эки көрсөткүчтө төмөндөө байкалган.

Февраль айында 12 миң, март айында 10 миң төрөт кабыл алынган. Ал эми каза болгондор февралда 2,9 миң, мартта 2,4 миң болгон.

Ушул жылдын 24-мартынан 11-майына чейин Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими күчүндө болгон. Буга байланыштуу апрель айында Бишкек жана Ош шаарларындагы Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматы иштебегендиктен документтештирүүлөр болгон эмес.

Өлкөнүн башка аймактарында 5 миң туулгандыгы жана 1,2 миң каза болгондугу жөнүндө күбөлүктөр берилген. Бул 11 айда төрөт жана каза болгондорду каттоо органында каттоонун төмөндөшүнүн эң төмөнкү чекити экени белгиленди.

Өзгөчө абал режими аяктагандан кийин иш калыбына келтирилип, карантин мезгилинде катталбаган иштер бүткөрүлгөн. Натыйжада май айында туулгандыгы жана каза болгондугу тууралуу күбөлүктөр өлкө боюнча апрель айына караганда 2,5 эсе көп берилген.

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шаарга караганда айылда ажырашкандардын саны аз. Нике статистикасы
Туулгандарды каттоонун туу чокусу июнь айына туура келип, 18 миң ымыркайга алгачкы документтер берилген. Кийинки айда ЖААКтын төрөттү каттоо боюнча статистикасы 6 миңге азайып, 12 миңди түзгөн. Август айында 15 миң балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген, сентябрда бул көрсөткүч 16 миң, октябрда 14 миңге жакын, ноябрда 13 миң болгон.

Тилекке каршы, белгилүү себептерден улам июнь айынан баштап өлүм каттоолорунун саны көбөйгөн. Июнда 3,5 миң, июлда 4 миң, августта 4,5 миң болгон. Андан соң күзүндө көрсөткүчтөр төмөндөдү: сентябрь 3,6 миңди, октябрда болжол менен 3,4 миңди, ноябрда 4,1 миңди түзгөн.

Региондор боюнча туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр июнь айында Ош облусунда баарынан көбүрөөк берилген, тагыраагы, 4 миң бала алган. Өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдүн эң азы май айында Ош шаарында катталган, 83 кишиники документтештирилген. Каза болгондон кийин актылардын эң көп катталышы август айында болуп, 881и Ош облусуна туура келген.

Жалпысынан 2020-жылдын 11 айында МККнын алдындагы ведомстволук орган 144 миң туулгандыгы жана 35,9 миң өлүмү жөнүндө күбөлүктөрүн берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0