00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
10 апреля - День Сопротивления: как кыргызстанцы воевали в лесах Европы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кубанычбек Жумалиевге козголгон ишти жабам деп акча сураган жаран кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович
Депутат Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумалиев 5-декабрь күнү андан белгисиз жаран ачылган ишти токтотуу үчүн пара сурап жатканын айтып милицияга кайрылган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Биринчи май райондук милициясы "Финполдун кызматкеримин" деп Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден 20 миң доллар пара талап кылган жаранды кармады. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаШектүү
Кубанычбек Жумалиевге козголгон ишти жабам деп акча сураган жаран кармалды - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

Билдирүүгө ылайык, Жумалиев 5-декабрь күнү андан белгисиз жаран Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан ачылган ишти токтотуу үчүн 20 миң доллар сураганын айтып, милицияга кайрылган.

Аталган факты Жазык кодексинин 203-беренеси ("Пара талап кылуу") менен КЖБРге катталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 20-декабрда борбор калаада Т.А. аттуу 24 жаштагы жигит паранын 2000 долларын алып жаткан жеринен кармалды. Ал тергөө кызматына алып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Сурак учурунда шектүү Т.А. Бишкек шаарында апасы менен жашаарын, убактылуу жумушсуз экенин айткан. Каражат табуудан кыйналгандыктан ушундай кылмышка барганын билдирди. Ошондой эле анын Финполдо иштебей турганы аныкталды. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга дагы тиешеси бар-жогу териштирилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан
Жумалиев: мага таандык 34 компаниянын жетөө гана иштеп жатат, калганы жабылды
Өз кезегинде Финпол Кубанычбек Жумалиевге карата ачылган сотко чейинки териштирүү улантылып жатканын билдирип, жалган маалыматттарга ишенбөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323 ("Мыйзамсыз баюу") жана 324-беренеси ("Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу") боюнча иш катталган. Анын алкагында Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган болчу.

Көп өтпөй бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн уставдык капиталында Жумалиевдин үлүшү бар экени белгилүү болгон. Ошондой эле ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналары жана Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0