Роналдунун командасы Мессинин "Барселонасын" ири эсеп менен утуп алды

© REUTERS / Albert GeaМатч Лиги чемпионов между Барселоной и Ювентуса
Матч Лиги чемпионов между Барселоной и Ювентуса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки команда тең 15 упайдан топтоп, мелдештин плей-офф баскычына чыгышты. Өз ара беттештеги артыкчылыктан улам "Ювентус" тайпадан биринчи орунду ээледи.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Туриндик "Ювентус" каталондук "Барселона" клубун 3:0 эсебинде утту, эки голду Криштиану Роналду киргизген. Командалар УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин тайпалык этабынын алтынчы турунда кезиккенин Р-Спорт жазды. 

Франциялык Стефани Фраппар тарыхта УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешиндеги беттешти тейлеген алгачкы аял-калыс болду - Sputnik Кыргызстан
Чемпиондор лигасындагы футболдук беттешти биринчи жолу аял-калыс тейледи
G тобундагы беттеш кечээ испандыктардын "Камп Ноу" стадионунда өткөн. Оюндун 13-мүнөтүндө Роналду пенальтиден эсепти ачып, 52-мүнөттө экинчи ирет дагы пенальтиден гол киргизди. Дагы бир голду туриндиктерден Уэстон Маккенни (20-мүнөт) кошту.

Эки команда тең 15 упайдан топтоп, мелдештин плей-офф баскычына чыгышты. Өз ара беттештеги артыкчылыктан улам "Ювентус" тайпадан биринчи орунду ээледи.

Кошумчалай кетсек, эзелтеден атаандашып келген Месси менен Роналду бири-бирине каршы 36 ирет беттешке чыгышкан. Аргентиналык футболчу командасы менен 16 ирет жеңишке жетип, 22 топ киргизсе, португалиялык атаандашы 10 жолу утуп, 20 гол тепкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0