Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
9-декабрга караган түнү өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 9-декабрь, шаршембиде, күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл аймактарында 0…+5, ал эми Нарында 0…-5 градусту түзөт.

Күндүз Ош шаарында кар жааса, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада 0…-2, Ош шаарында +2…+4 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0