Кооптуу жерлерди чарбалык багыттагы аянттарга айлантуу ири ресурстарды (миллиондогон доллар) жана ондогон жылдарга созула турган талбаган эмгекти талап кылат. Аскерий серепчи Александр Хроленко дал ушул көйгөй тууралуу ой толгогон.
Мина коюлган талаалар, жарылбай калган ок-дары жана колго жасалган жарылуучу түзүлүштөр жаңжалдан соңку аймактардын башкы көйгөйү болуп саналат.
Өмүргө дайым кооптуулук туудурган жагдайдан жакындагы эле мисал – 23-ноябрдагы Мадагиз айылынын четиндеги Азербайжан, РФ аскер кызматкерлери жана таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлер тобунун жарылышы. Жаңжал аймагында мындай кооптуулуктар тынчтык орнотуучуларды, саперлор жана куткаруучуларды күн сайын тооруйт.
Саперлордун алдыңкы бөлүктөрү Тоолуу Карабахтагы жерлерди, жолдорду жана объектилердеги миналарды зыянсыздандырууга 23-ноябрда киришти. Артыкчылыктуу милдет – дислокация түйүндөрүндө, посттор ортосундагы тынчтык орнотуучулардын багыттарындагы жана инфраструктуранын айрым объектилериндеги миналарды тезинен зыянсыздандыруу.
Тилкелердин биринен эле россиялык саперлор 30 чакты танкка каршы миналарды зыянсыздандырышты. Адатта табылган ок-дарылар атайын полигондордо же жеринде жардыруу ыкмасы менен жок кылынат.
РФ Куралдуу күчтөрүнүн Минага каршы эл аралык борборунун адистери татаал жана оор ишке Бириккен Улуттар Уюмунун минага каршы ишмердигинин стандарттарына ылайык даярдалган. ИМП-С2 мина издөөчү жаңы техникага, "Уран-6" роботтук-техникалык комплекстерге ээ.
Издөөнүн заманбап каражаттары жана коргоочу шаймандары Тоолуу Карабахтагы россиялык аскер кызматкерлеринин саламаттыгы жана өмүрүнө тобокелдикти азайтканы менен толук сактабайт.
Вазийпанын татаалдыгы
Заманбап жергиликтүү жана аймактык жаңжалдар согуштук аракеттердин туруктуу мүнөзү жана оперативдик аймак, ага чектешкен территориялардагы мина коюлган талаалардын, тузак миналардын, жол бетиндеги фугастар жана башка "күтүүсүз учурлардын" кеңири колдонулушу менен айырмаланат.
Карабахта негизинен советтик өндүрүштөгү, тагыраагы, танкка каршы ТМ-62, пехотага каршы ПМН-2 миналары пайдаланылган. Ошону менен бирге эле алардын жайгашуусунун схема-карталары тез түзүлүп, кийин жоголуп да кетет. Аба ырайынын катаал таасирлеринен улам миналар иштен чыгат, мина талаалары "жаңырат".
Балким, жаңы мина коюлган талааларды жаңжалдашкан тараптар эч көйгөйсүз зыянсыздандыра алар. Бирок мурдагы бардык мина коюлган талаалар так кайда жайгашканын эч ким билбейт. Согуштук кырдаалда жарылбай калган же калтырылган артиллериялык снаряддардын көптүгү да өзүнчө чоң көйгөй жаратат.
Карабах жергесинде көп миңдеген жарылуучу предметтер бар. Ошондуктан россиялык саперлордун он жылга созулчу талбаган эмгеги, БУУ жана башка гуманитардык уюмдардын ресурстарын активдүү тартуу – аймакты согуштан толугу менен чыгаруу үчүн минималдуу шарттар.
Мурда Азербайжан аймагын миналардан зыянсыздандыруу боюнча улуттук агенттигинин (ANAMA) башчысы Газанфар Ахмедов Карабахтагы Бакунун көзөмөлүнө өткөн аймактардагы минадан толук арылтууга он жылдан ашуун мезгил талап кылынарын билдирди.
Сирияда Армениянын 83 кишиден турган гуманитардык миссиясы 2019-жылдын алты айында 20 чакты гектарды мина, дүрмөт, авиабомба жана колго жасалган жарылуучу түзүлүштөрдөн куткарган. Абхазия жана Түштүк Осетиянын аймактарында (бул жерлерде саперлордун ишинин чети да оюла элек) бир топ жылдан берки миналарды зыянсыздандыруу боюнча согуштан кийинки тажрыйба Карабахта аткарылчу милдеттердин эбегейсиз көлөмдө экенин тастыктайт.
Биргелешкен аракеттер
UNMAS маалыматы боюнча миссия мында декабрдын башында башталмакчы. Эң оболу адистер тоо-токойдогу оор шарттардагы жумуштун көлөмүн баалашат. Мүмкүн саперлордун биргелешкен эл аралык аракеттери жаңжалдан кийинки аймакка качкындардын кайра кайтышын ылдамдатууга жол берер.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутериштин көз карашы да үмүт жандырат. Ал окту токтотуу гуманитардык уюмдун жаңжалдан жабыркаган тынч калкка кол сунууга мүмкүндүк берерин, Тоолуу Карабахта Россия менен кызматташуу жана өз ара аракеттешүүгө даярдыгын белгилеген.