БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 3 347 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Стационарда дарыланып жаткандардын ичинен:
- 53 — канааттандырарлык абалда;
- 2 188 — орточо оор абалда;
- 948 — оор абалда;
- 158 — өтө оор абалда.
Статистикага таянсак, абалы өтө оор дегендердин саны күн санап көбөйүүдө. Кечээ 141 болсо, бүгүн 158ге жеткен.
COVID: өткөн суткада дагы үч киши каза тапты
Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 850 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатышат.