БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Германия чемпионатында футболчу Валентино Лазаро "чаян сокку" аталган ыкма менен гол киргизди. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып, видеосун жарыялады.
🦂🦂 Valentino Lazaro. pic.twitter.com/QFxHw8G4ga
— 𝒍𝒂𝒖𝒓𝒂 ,, 🐍 (@ellebii_) November 8, 2020
Окуя Бундеслигадагы "Боруссия" Мюнхенгладбах менен леверкузендик "Байер" клубдарынын беттешинде катталган.
Чимирилип тепти! Ибрагимовичтин кезектеги өзгөчө голунун видеосу
Оюндун кошумча берилген 94-мүнөтүндө Мюнхенгладбахтын футболчусу керемет ыкма менен тепкен топ дарбаза бурчунан кирген. Бирок бул гол командага жеңиш тургай, тең чыгууну да алып келе алган эмес. Оюн 4:2 эсеби менен леверкузендиктердин пайдасына аяктаган.
Бул Лазаронун азыркы сезондогу алгачкы голу болду.