БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасында кезектеги коррупциялык, 25 миллион сомдук схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта чарбалык субъект эң чоң материалдык пайда алуу максатында аталган мамлекеттик ишкананын жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алган. 1-типтеги (жогорку сапаттагы) жыгач шпалдардын ордуна иш жүзүндө стандарттарга жооп бербеген сапаты төмөндөрүн орнотушкан. Бул иш сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аныкталды", — деп билдиришти УКМКдан.
Вагондорду араалап салышкан. "Кыргыз темир жолунун" бөлүм башчысы кармалды
Мамлекеттик соттук экспертиза кызматы тарабынан жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, бул коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени такталган.
"Мындай иш-аракеттин кесепети адам өлүмүнө алып келген темир жол кырсыгынын болуп кетүү кооптуулугун жаратмак", — деп билдирди маалымат кызматы.
4-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү ("Алдамчылык") боюнча көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен чарбалык субъектинин өкүлү И.Г.Аны камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.