00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Оштун жаңы жетекчиси Жарасул Абдураимов тууралуу 6 факты

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловӨкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган Жарасул Абдураимов. Архив
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган Жарасул Абдураимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган Жарасул Абдураимов тууралуу интернет айдыңында ар кыл кеп айтылууда. Жарасул Осмоналиевич мындан кабардар экенин айтып берди.

Жаңы жетекчи жамаатка 19-октябрь күнү тааныштырылды. Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов тууралуу урунттуу фактыларды даярдаган.

"Социалдык тармактарда мен жөнүндө жазылган маалыматтарды окуп жатам. Мени "аферист, жулик" деп да жазып жатышат (күлүп — ред.). Интернатта чоңойгондуктан кичинекей кезде таяк жеп жүрүп, андай нерселерге бышып калганбыз. Өткөндө уулум келип тамашалап "мен акыры сиздин ким экениңизди билдим" деп күлдүрдү", — деди Абдураимов.

Өмүр баяны. 1960-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Жарасул Абдураимов 1968-жылдан 1976-жылга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы мектеп-интернатта тарбияланган. Кийин Кара-Кулжа районундагы №1 мектепте билим алган. Жогорку окуу жайын 1984-жылы Екатеринбург шаарындагы Урал политехникалык институтун бүтүргөн.

Эмгек жолу. Жарасул Осмоналиевич алгач СССРдин 50 жылдыгы атындагы заводдо ар кандай кызматты аркалаган. 1993-жылы "Дастан" ААКтын президенти болуп дайындалып, 1996-жылы өзү түзгөн Jarasul ЖЧКсынын башкы директору болгон.

Ата-энеси. Түбү Кара-Кулжа районунан. Кийин ата-энеси Гүлчөгө көчүп келген. Малчынын үй-бүлөсүндө чоңойгон. "Ата-энебиз өмүр бою колхоздун малын багып иштеген. Атабыз жаш кезибизде каза болуп калып, бизди апабыз багып чоңойтту", — деди ал.

Бир туугандары. Жарасул Абдураимов алты бир тууган. Ал саясий ишмер Каныбек Осмоналиевдин бир тууган иниси. Экөөнүн ортосу төрт жаш айырма. Быйыл улуу агасы менен эжеси өтүп кетти.

Каныбек Осмоналиев да кыргызга төбөсү көрүнгөн инсан. "Мен чоң атамдын атынан катталып калгам. Каныбек Осмоналиевич өз атабыздын атынан катталган. Интернетте мени ал кишинин агасы кылып, "чал" деп жазып жатышат. Каныбек Осмоналиевичке тамашалап "сиз саясатта жүрүп, өзүңүздү жакшы сактапсыз. Мен заводдо жүрүп тырышып калсам керек" десем, "ошол үчүн адам өзүн жакшы карашы керек" деп күлдү", — деди Абдураимов.

Спорт. 2011-жылы Мини футбол федерациясынын президенти болгон. Негизинен жашоодо спортко жакын. Жаш кезинде райондук, облустук деңгээлдеги курама команданын катарында болуп баскетбол, футбол ойногон. Негизинен футболду абдан жакшы көрөт жана жакшы ойнойт.

Үй-бүлөсү. Жубайы Гүлмира Асанова кесиби боюнча врач. Учурда эс алууда. Алар бир уул, эки кыздын сүйүктүү ата-энеси. Кыздары жогорку билимдүү юристтер, уулунун кесиби экономист. Жарасул Абдураимов принцип менен балдарынын баарын мүмкүнчүлүгү болгондугуна карабай Кыргызстандан окуткандыгын айтат. "Баланын ары жагында болсо эле кайсы жерден окуса да адам болуп кетет" деди ал. Учурда сегиз небереси бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0