Абдураимов Жарасул Осмоналиевич — өмүр баяны

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловАбдураимов Жарасул Осмоналиевич
Абдураимов Жарасул Осмоналиевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган Жарасул Абдураимовдун өмүр баянын жана эмгек жолун Sputnik агенттигинин "Таржымал" рубрикасынан окуп-билүүгө болот.

Жарасул Абдураимов 1960-жылы 23-февралда Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө айылында туулган.

Билими:

  • 1968-1976 — Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы мектеп-интернатта тарбияланган;
  • 1976-1984 — Кара-Кулжа районундагы №1 мектепте билим алган;
  • 1979-1984 — Екатеринбург шаарындагы Урал политехникалык институтунда окуган;

Иш тажрыйбасы:

  • 1984-1990 — СССРдин 50 жылдыгы атындагы заводдо ар кандай кызматты аркалаган;
  • 1993-1996 — "Дастан" ААКтын президенти;
  • 1996-1999 — "Jarasul" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 1999-2000 — "Жанар" ишканасынын президенти;
  • 2000-2007 — Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" ишканасынын башкы директору. Андан кийин Нанотехнология институтунун ректору;
  • 2009-2010 — Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин техникалык жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2011 — Мини футбол федерациясынын президенти;
  • 2013-2015 — Кыргыз-орус "Munai ExIm" ЖЧКсынын директору. "Кумтөр Голд Компани" ЖЧКсында жергиликтүү камсыздоону өнүктүрүү боюнча директордун орун басары, "Ысык-Көл облусунда жумуш орундарды түзүү жана өнөр жайды өнүктүрүү" долбоорунун жетекчиси;
  • 2016 — Машина куруучу JONWAI Machinery Works Co., Ltd заводунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
  • 2018 — биринчи вице-премьердин инвестиция тартуу жана өнөр жай маселелери боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси;
  • 2019 — Азия өнүктүрүү банкында өнөр жай секторун өнүктүрүү боюнча эксперт. Экономика министринин коомдук башталыштагы өнөр жай боюнча кеңешчиси;

Үй-бүлөлүү. Бир уул, эки кыздын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0