61 жаш. Кыргызстандын президенттери кантип кеткен?

Жазылуу
Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан бери беш президент алмашты, эң кызыгы, бардыгы 61 жашында кызматтан кетти. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков да өз арызынын негизинде 61 жаш курагында отставкага кетерин жар салды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги КРдин президенттеринин кызматтан кеткен учурларына көз салып көрдү.

Аскар Акаев

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартындагы "жоогазын революциясынын" жыйынтыгы менен бийликтен кеткен. Дагы бир себеп, Жогорку Кеңешке шайлоодо уулу менен кызынын ат салышкандыгы болгон. Экс-президент ыңкылаптан кийин дароо эле Россияга кетип калганы менен ал расмий түрдө ошол жылдын 5-апрелине чейин Кыргызстандын президенти болуп турган. Тактап айтканда, Акаев 4-апрелде Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде 5-апрелден баштап кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Аскар Акаев азыр Россияда жашайт. Тактыдан кулаганда туура 61 жашта болчу.

© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүМурдагы президент Аскар Акаев
61 жаш. Кыргызстандын президенттери кантип кеткен? - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы президент Аскар Акаев

Курманбек Бакиев

"Жоогазын революциясынан" кийин мурда эки жолу өкмөт башчы болуп иштеген Курманбек Бакиев президент болуп келди. Ал 2009-жылы экинчи мөөнөткө шайланып, 2010-жылдын апрель айына чейин президенттик тактыда отурган. Бакиевдин убагындагы коммуналдык тейлөөлөргө тарифтердин өсүшү жана туугандарынын адаттан тыш жоруктары акыры 2010-жылдагы Апрель окуясына алып келген. Митингге чыккандар Ак үйдү басып, 7-апрелде Бакиевди ээрден алып түшүшкөн. Бийлик алмашуу кан төгүү менен коштолуп, натыйжада 87 жаран окко учкан.

Алгач Бакиев өлкөнүн түштүгүнө качса, 15-апрелде Казакстанга учуп, кийин Беларусь мамлекетине барган. Ал 21-апрелде 61 жаш курагында Минск шаарында кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Атамбаев эмнеге Кой-Таштан кармалган эмес. Адвокат окуянын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүМурдагы президент Курманбек Бакиев
61 жаш. Кыргызстандын президенттери кантип кеткен? - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы президент Курманбек Бакиев

Роза Отунбаева

Курманбек Бакиев кызматтан кеткенден кийин Роза Отунбаева Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп турган. Апрель революциясынан кийин ошол кезде түзүлгөн Убактылуу өкмөттү жетектеп, жаңы Конституция кабыл алынган соң өткөөл мезгилдин президенти болуп калган. Ал бир жылдай бийликте отуруп, 2011-жылы жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевге президенттик тактыны өткөрүп берген. Ал убакта Роза Отунбаева да 61 жашта болчу.

© Фото / Абзал КалиевМурдагы президент Роза Отунбаева
61 жаш. Кыргызстандын президенттери кантип кеткен? - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы президент Роза Отунбаева

Алмазбек Атамбаев

2011-жылы Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоодон жеңип, 2017-жылга чейин КРдин президенти болуп турган. Андан кийин бийликти шайлоо жолу менен 61 жашында мураскери Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген. Бирок экөөнүн ортосунда бат эле пикир келишпестиктер жаралып, кескин сындар айтылган.

27-июлда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу менен кошо кол тийбестигин да алып салган.

Кийин кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2019-жылдын 8-августунда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Сот Атамбаевди 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти

© REUTERS / Vladimir PirogovМурдагы президент Алмазбек Атамбаев
61 жаш. Кыргызстандын президенттери кантип кеткен? - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев

Сооронбай Жээнбеков

Алмазбек Атамбаевден соң эки тизгин бир чылбыр Сооронбай Жээнбековдун колуна тийген. Ал 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланып, 24-ноябрдан тарта кызматка киришкен.

Жээнбеков мамлекет башчысы катары үч жыл иштеди.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл эртеси "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Акцияга оппозициялык маанайдагы саясий лидерлер менен биргеликте он миңге жакын киши чогулган. 6-октябрга караган түнү митингчилер менен милициянын ортосунда кагылышуу болгон. Натыйжада бир адам каза болуп, миңге чукул киши жабыркады. Митингге чыккандар парламенттин имаратын басып алган соң Алмазбек Атамбаев жана башка саясатчылар менен катар абакта жаткан Садыр Жапаровду да бошотушкан.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков
61 жаш. Кыргызстандын президенттери кантип кеткен? - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Кечинде парламент премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка колдоп беришкен. Ушул эле күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон митингчилер тарабынан бошотулган саясатчылар кайрадан камала баштаган.

Бирок айрым депутаттар аталган жыйын легитимсиз болгонун айтып, Жапаровду премьерликке бекиткен чечимди жокко чыгарууну талап кылышкан.

14-октябрда Жогорку Кеңеш кайрадан жыйынга чогулуп, Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын бекитип берген. Ошол эле күнү Сооронбай Жээнбеков өкмөттү дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Ал эми 15-октябрда президенттин кызматтан кетишин талап кылган митингчилердин акциясынан улам Сооронбай Жээнбеков отставкага кетерин билдирди. Белгилей кетсек, 16-ноябрда 62 жашка чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0