00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Опасное наследство: как не унаследовать чужие кредиты
14:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Инсультту дарылоодогу жаңы ыкмалар: протоколдор эмнени өзгөрттү?
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Как остеохондроз портит сон и что с этим делать
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Ырчылык менен юморду айкалыштырып эл көңүлүнөн түнөк тапкан Бектен Жакилов
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Весна на полях: хватит ли воды и чего ждать от нового сельхозсезона
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Иран менен мамиле курган өлкөлөргө Америка санкция салам деп опузалады. Бул экономикалык күчпү же саясий оюнбу?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Опасное наследство: как не унаследовать чужие кредиты
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Инсультту дарылоодогу жаңы ыкмалар: протоколдор эмнени өзгөрттү?
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Улуттук банк эл аралык каржылык операцияларды кайрадан жандантты

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктар 13-октябрдан тарта коммерциялык банктардын жана алардын кардарларынын пайдасына кирген бардык төлөмдөрдү кабыл ала баштайт.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Улуттук банк SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Коммерциялык банктар 13-октябрь саат 9:00дөн тартып коммерциялык банктардын жана алардын кардарларынын пайдасына кирген бардык төлөмдөрдү кабыл ала баштайт.

Чек ара аркылуу чыккан төлөмдөр төмөнкү операциялар боюнча гана жүргүзүлөт:

  • товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча мурда түзүлгөн жана банктарга берилген келишимдер боюнча Кыргызстандын коммерциялык банктарынын кардарларынын операциялары (юридикалык жактар, жеке ишкерлер, дыйкан жана фермердик чарбалар). Мында төлөмдөрдүн суммасы ошол кардарга мүнөздүү болгон орточо деңгээлден ашпоого, ал эми келишимдер кардардын кадимки ишине таандык болууга тийиш;
  • контрагенттер менен аягына чыгарылбаган валюталык бүтүмдөр, ликвиддүүлүктү жана/же валюта позициясын, анын ичинде своп-операцияларын тескөө максатында, ошондой эле активдерди алмашууга байланыштуу чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу/сатуу операциялары боюнча;
  • эл аралык төлөм системалары боюнча өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү операциялары;
  • Кыргызстандын коммерциялык банктарынын резидент эмес банктардагы эсептерин толуктоо боюнча;
  • эл аралык уюмдардан алынган насыяларды жана алар боюнча чегерилген пайыздарды төлөө операциялары боюнча;
  • банкта тейленген банк эмес финансы-насыя уюмдарынан акча которууну ишке ашыруу операциялары боюнча;
  • мурда чыгарылган аккредитивдерди жана банктык кепилдиктерди соодалык каржылоо бүтүмдөрү боюнча банктын милдеттенмелерине тиешелүү операциялар боюнча;
  • банктардын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл операциялар боюнча;
  • эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн тапшырмалары боюнча операциялар боюнча;
  • жеке адамдардын коммерциялык максаттарга ээ эмес 5 000 долларга чейинки өлчөмдө же дарыланууну, жашап турууну, окууну жана алиментти төлөө үчүн башка чет өлкө валютасы (жумасына) эквивалентинде акча которуулар боюнча.

Учурда кайсы банктардын банкоматтары иштеп жатат. Тизме

Жогоруда көрсөтүлгөн которуу операцияларын ишке ашырууда коммерциялык банктар террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.

Улуттук банк учурдагы жагдайга байкоо жүргүзүп турат, өлкөнүн финансы жана төлөм системасынын коопсуздугу менен туруктуулугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0