00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өзгөчө абалдын киргизилиши менен кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы спецназ
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы спецназ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи жарлыгында өзгөчө абалдын мөөнөтү 21-октябрга чейин болсо, мында 19-октябрь саат 07.00гө чейин деп белгиленген.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү жарлыгына ылайык жаңы токтом кабыл алынды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи жарлыгында өзгөчө абалдын мөөнөтү 21-октябрга чейин болсо, мында 12-октябрь саат 20:00дөн 19-октябрь саат 07:00гө чейин деп белгиленген. Ал эми ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев кайра эле комендант болуп дайындалды.

Бишкекте төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:

  • коменданттык саат киргизилсин;
  • жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;
  • айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо убактылуу жашаган жерин таштап кетүүгө тыюу салынсын;
  • коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объектилерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объектилерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;
  • оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;
  • аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;
  • ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;
  • жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу менен иштен бошонуусуна тыюу салынсын;
  • эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;
  • байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;
  • дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;
  • жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;
  • өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү тууралуу кошумча милдеттер киргизилсин.

Комендант Бишкек шаарынын аймагында жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.

Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы, ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

Жээнбеков Бишкек шаарына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди

Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы өткөрүү пункттарын уюштуруу, куралдуу кагылышууларды басуу, мыйзамдуулуктун жана коомдук тартиптин корголушун камсыз кылуу жана жарандарды коргоо үчүн аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөрдү киргизсин.

Жогорку сотко өзгөчө абал мезгилинде Бишкек шаарынын аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.

Өкмөт өзгөчө кырдаалды камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлүп берүүнү карасын.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:

  • ушул жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;
  • өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.
  • Бул жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
  • Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0