https://sputnik.kg/20200918/covid-19-darylagan-preparattar-zhurokko-zyyan-1049653745.html
COVID-19дан дарылаган препараттар жүрөктү талкалашы мүмкүн. Жаңы иликтөө
COVID-19дан дарылаган препараттар жүрөктү талкалашы мүмкүн. Жаңы иликтөө
Sputnik Кыргызстан
Иллинойс университетинин (АКШ) окумуштуулары 44 миллион бейтаптын ден соолугун изилдеп көрүшкөн. Бул үчүн адистер амоксициллин жана азитромицин ичкен адамдарды... 18.09.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-09-18T10:06+0600
2020-09-18T10:06+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/07/10/1049026538_0:89:3072:1827_1920x0_80_0_0_5e2247deff35339d2cc88deebe5afffc.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/07/10/1049026538_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_0cd9a3c4d814a7a42b96d9e7e6e4c24a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, дүйнөгө жайылган коронавирус
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, дүйнөгө жайылган коронавирус
COVID-19дан дарылаган препараттар жүрөктү талкалашы мүмкүн. Жаңы иликтөө
10:06 18.09.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Иллинойс университетинин (АКШ) окумуштуулары 44 миллион бейтаптын ден соолугун изилдеп көрүшкөн. Бул үчүн адистер амоксициллин жана азитромицин ичкен адамдарды эки топко бөлүп алышкан.
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. COVID-19дун күчөп кетишине каршы пайдаланылган азитромицин антибиотигин бир катар башка дары-дармектер менен чогуу ичкен маалда жүрөк кармап калышы мүмкүн. Бул тууралуу JAMA Network Open илимий журналындагы макалага таянып РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Иллинойс университетинин (АКШ) окумуштуулары коронавируска кабылган 44 миллион бейтаптын ден соолугун изилдеп көрүшкөн. Бул үчүн адистер амоксициллин жана азитромицин ичкен адамдарды эки топко бөлүп алышкан.
Трамп америкалыктарды вирустан эмдөө октябрда башталарын айтты
"Иликтөөнүн жыйынтыгында азитромицин пайдаланып жаткан адам кан басымын нормалдаштыруучу, безгекке, депрессияга каршы же ооруну басаңдатуучу күчтүү препараттарды кошо ичкен маалда жүрөктүн иштеши 40 пайызга бузулганы аныкталды", — деп айтышкан адистер.
Мындан тышкары, АКШлык окумуштуулар COVID-19га каршы хлорохин, гидроксихлорохин сыяктуу дары-дармектер дагы жүрөктүн ишине тоскоолдук алып келерин билдиришти.